Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер кайсы банктардан пайызсыз насыя алса болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Фев 2023 | 1030 | 0

Ишкерлерге пайызсыз насыя берүү максатында 10 коммерциялык банк менен келишим түзүлгөн. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Айыл Банк, РСК Банк, Азия Банк, Финансы Кредит Банк, Халык Банк, Капитал Банк, Дос-кредо Банк, Кыргызкоммерцбанк, Бакай Банк жана Кыргызстан-Швейцария Банкы менен келишим түзүлгөн. Жогоруда айтылган банктарга барып, кайсы категорияга кирерин аныктап алса болот. Эгерде көрсөтүлгөн банктардан кредит алууда көйгөй жарала турган болсо, Финансы министрлигинин сайтындагы номерлерге байланыша аласыздар. Биз алардан ай сайын отчёт алып, чакан жана орто бизнес ээлери канча кредит алышканын, дагы канчасы арыз берип кайрылганын билип турабыз», — деди ал.

Анын айтымында, бир жылдын ичинде 4540 чакан жана орто бизнес ээлери 2 млрд 95 млн сомдой насыя алышкан.

«Баткен облусунда 325 чакан жана орто бизнес иштеткен ишкерлер пайызсыз насыя алышкан. Ал эми эң көп Ош облусунда 935 ишкер, Бишкек шаарында 656 ишкер насыя алган. Ысык-Көл облусунда 605, Жалал-Абад 613, Нарын облусунда 578, эң аз Талас облусунда 285 ишкер алган», — деп кошумчалады Татиков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM