Биз менен байланышыңыз

Пайызсыз насыяны ишкерлер эки категорияда алат

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Фев 2023 | 1039 | 2

Бизнес ээлери насыяны аларда эки категорияга бөлүнөт. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Чакан жана орто бизнес ээлери насыяны эки категорияда алат. Ишкерлерге насыя берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын чегинде болот. Алып жаткан ишкананын бир жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган, алты айдан кем эмес иштеген болушу керек. Мындай категориядагы бизнес ээси млн сомго чейин пайызсыз насыя алса болот. Ал эми экинчи категориядагы бизнес ээси Кыргыз Республикасынын салык кызматынын мыйзамынын чегинде бир жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган, алты айдан кем эмес иштеген болушу керек. Мындай бизнес ээлери 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар. Насыя үч жылга чейин пайызсыз берилет», — деди Татиков.

Анын айтымында, ишкерлер үч ай эч нерсе төлөбөй, үч айдан кийин гана негизги сумманы төлөй баштаса болот.

«Бул пайызсыз жана кайтарымдуу акча. Долбоордун максаты: чакан жана орто ишканаларга кризисти жеңүүдө, экономиканын басаңдашын жеңип өтүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Бул долбоор өткөн жылдын февраль айынан активдүү ишке ашып келүүдө», — деп кошумчалады ал.

2 пикир

2 пикир

  1. Макс

    20.02.2023 17:02

    Качан жана кайсы банктардан берилет? Банктардан барып сурасан акча жок деп жатышат

  2. Нурлан

    20.02.2023 18:41

    30млн акчаны иштетип жаткан ишкерге 3млн кредит зарыл эмес. Негизи мамлекеттик кредитти чыныгы муктаж жарандарга берсе туура болмок. 8млн сомго чейин обороту бар ишкерге 1млн сом бербесе да ал өз ишин уланта берет. Муктаж жарандарга документтерди жеңилдетип берсе жакшы болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM