Бүгүн, 17-февралда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бизнестин ар түрдүү тармактагы өкүлдөрү менен жолугуп, салык системасындагы нааразылык жаратып жаткан маселелерди талкуулашты.
Айрыкча салык жол-жоболорун электрондоштуруу долбоорун киргизүүгө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөр айтылды.
Быйылкы жылдан тарта Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТК) түрү болушу шарт. Азыр кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат.
Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан «жеке кабинет» ачып, ар бир коштомо кагазын тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.
Салык төлөөнүн жаңы эрежелери чакан ишкерлерди убарага салганы айтылды. Ишкерлер электрондук коштомо кагазга код алууда кыйналып жатышканы, система начар иштеп жатканы, буга Салык кызматынын даяр эместиги себеп экени белгиленди. Мындан сырткары жаңы эреже иштей баштагандан тарта чакан дүкөндөр жабылып жатканы маалымдалды.
Маселен, Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунусов айыл чарба тармагындагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды этап-этабы менен киргизүү зарыл деп эсептейт .
Анын айтымында, аймактарда абал өзгөчө оор. Ал жерде электрондук товардык-транспорттук коштомону колдонуунун милдеттүүлүгү азык-түлүк тартыштыгына алып келиши мүмкүн.
Көптөгөн дыйкандын электрондук коштомо кагазы же электрондук эсеп-фактурасы тургай, банктык эсептери да жок.
«Ун өндүрүүчү ишканалардын ишине ЭТТК кошумча көйгөйлөрдү гана жаратып, ишти жайлатып жатат. Биз өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүнү каалайбыз. Кластердик жол менен өнүктүрүү боюнча долбоорду даярдап жатабыз. Бирок электрондук коштомо кагаз боюнча талаптар кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Аймактарда абал өзгөчө оор болууда. Мисалы, ал жактагы базарлардагы, дүкөндөрдөгү сатуучулардын мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Көбүнесе техникалык жагынан аксайт, компьютер, интернет жок. Андан тышкары кошумча бухгалтер алуу керек. ЭТТК эмне экенин, кантип колдонуу керектигин түшүнбөгөндөр да четинен чыгат.
Ошентип биз аларга ун азыктарын саталбай жатабыз. Биз сата албай калсак, ошол эле аймактарда ундун, нандын, майдын жана башка керектүү товарлардын көлөмү азаят. Мындай көрүнүш баалардын өсүшүнө алып келүүдө, бул боюнча окуялар каттала баштады».
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн азыр ун өндүрүүчүлөр мурдагыдай эле иштеп, айыл чарба тармагы үчүн жеңилдиктер берилерин билдирди.
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев электрондук коштомо кагаз зарыл нерсе экенин, бирок азыр аны милдеттендирүүгө ишкерлер даяр эместигин айтты.
Эгер ЭТТКны колдонуу мөөнөтү узарбаса, алдыдагы жазгы талаа иштеринде коркунучтар пайда болушу мүмкүн.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөй дыйкан чарба бар. Бул ЭТТК деген маселе – ар бир дыйкан өзүнүн чарбачылыгына кандайдыр бир товар же чийки зат алабы, алгач Салык кызматынын сайтына кирип, катталып, бир нече баскычтан турган жол-жоболорду аткарышы керек. Аны салыкчылар эле түшүнбөсө, карапайым эл, дыйкандар кайдан түшүнмөк эле? Ошол себептен биз айтып жатабыз, дыйкан-фермерлерди үйрөтүү керек. Салык кызматынын өкүлдөрү жерме-жер кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баарын көрсөтүп, үйрөткөндөн кийин киргизсе каршы эмеспиз».
Ал эми ишкер Эля Аралбаева эсепчилерди түйшөлткөн көйгөйлөрдү атады. Электрондук коштомо киргизилгенден кийин көптөгөн түшүнбөстүктөрдөн улам бир топ эсепчилер жумушун таштоого чейин барышканын айтты.
Ишкер ЭТТКны күнүнө чыгаруу кыйын экенин белгилейт. Ал бухгалтериянын ишин татаалдаштырып жатат, анткени кардарлар алдын ала арыз бере алышпайт, унаа таба алышпайт жана кайтарымдар көп болгондуктан кампалар толуп калып жатат.
«Эсепчилер да адам, күнү-түнү иштей алышпайт. Аймактарга унаалар таңкы саат 5-6да чыгышат. Ал эми бухгалтерлер күн сайын жазып турушу керек.
Кампанын эсебин өзгөртүү керек. Бири-бирибизге жардам берип, ЭТТКны колдонууда бизнеске пилоттук негизде бир жыл берүү зарыл.
Чакан бизнес ээлери эсепчи жалдай албайт. Ири өндүрүштөр өздөрүнө бухгалтерлерди-операторлорду жалдашат, алар жөн гана ЭТТКны толтуруу үчүн иштешет, катардагы бухгалтерлер жөн эле иштен кетип жатышат».
Талкуунун жыйынтыгында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу мөөнөтү узарбай турганын, кээ бир ишкердиктин түрлөрүнө жеңилдиктер гана берилерин белгиледи.
«Эң негизгиси, ЭТТК чыныгы жана адилеттүү атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык жана контрафакттык товарларды ташып кирүүгө жол бербейт. ЭТТК товарларга байкоо жүргүзүү үчүн гана кызмат кылат жана салык төлөөчүнүн өз ишин көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Атап айтканда, ишкерлердин дарегине товарларды жалган жеткирүү тобокелдиктерин жокко чыгарат».
2023-жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.
Бүгүнкү күндө 63 миң 477 ишкер Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын колдонууда.