Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аскерлерди даярдоо тутуму үч деңгээлде каралат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Фев 2023 | 480 | 0

«Жалпы аскерлерди даярдоо тутумун үч деңгээлге бөлсөк болот». Бул тууралуу Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Бизде Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде аскердик окуу жайга даярдоо жүргүзүлүп, ошол жерден аскердик кызматты кесип катары тандаганга жол көрсөтүлөт. Андан кийин К.Үсөнбеков атындагы аскер институтунда офицер катары окутулат. Окуу жайда келишимдердин негизинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку аскердик окуу жайларына бара алышат. Ал эми аскердик квалификацияны жогорулатуу үчүн Аскер институтунун базасына, Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдык борборуна жана эл аралык келишимдердин негизинде башка мамлекеттин окуу борборлоруна тажрыйба алмашуу максатында жөнөтөбүз», – деди ал.

Анын пикиринде, аскердик окуу жайга тапшырууда аны кесип катары тандап алып, кийинки жашоосун толугу менен аскердик кызматта өткөрүүгө даяр болушу керек.

«Билим берүү жана илим министрлиги Коргоо министрлиги менен биргеликте мектептерде, кесиптик окуу жайларда аскерге чейин даярдык мугалимдеринин айлык акысын жогорулатуу жана сабакты сапаттуу өтүү үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу маселесин карап чыгышкан. Сунуштар даярдалып бүтүп, Министрлер кабинетине киргизилди», — деп кошумчалады Саалаев.

Жобого ылайык, аскерге чейинки даярдык сабагын атайын билим алгандар, запастагы офицерлер же запастагы аскер кызматчылары бере алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM