Биз менен байланышыңыз

Аскердик окуу жайга кабыл алуудагы талаптар

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Фев 2023 | 976 | 0

Аскер институтуна ЖРТнын негизинде өтсө болот. Андан сырткары кошумча сынактарды уюштуруп, физикалык жана психологиялык жагын да карап тандап алабыз. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн аскер институтунун башчысы Канагат Уразбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Бизге 17-21 жаштагы эркек балдар тапшырса болот. Ал эми аскердик кызмат өтөп жаткан же контракт менен окуп жаткан аскер кызматкерлери 24 жашка чейин тапшыра алат. Азыркы учурда Аскер институтунда эки тармак боюнча даярдык көрсөтөбүз. Булар мотоаткычтар аскерлери жана чек ара ишмердүүлүгү», — деди ал.

Анын айтымында, азырынча кыздардын окуусуна шарттар жок.

Ал эми Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев Аскер окуу жайына кабыл алуудагы этаптарды айтып өттү:

  •  Аскер комиссариатынан баштапкы медициналык кароодон өтүү;
  • Март айынан май айына чейин бүткүл республикалык комиссариаттарда талапкерлердин өздүк делолору чогултулат;
  •  ЖРТнын жыйынтыгында босого баллдан өткөндө гана конкурстук тандоого катышууга укук алат;
  •  Июль айында тереңдетилген медициналык кароодон өтүп, аскердик кызматка жарактуу болсо, дене тарбиянын даярдыгы боюнча сынактардан өтүүсү зарыл;
  • Атайын психологиялык тестен өтүлөт. Психологиялык абалы аскердик кызматка байланышкан кыйынчылыктарга туруштук бере алары текшерилет;
  •  Андан кийинки тест кесиптик тандоо боюнча болуп, логикалык жактан ой жүгүртүүсү, аскердик билим берүү программаларын өздөштүрүп кетүүсү каралат;
  • Эң акыркы тестте тандаган окуу жайы, кесиби боюнча үч сабактан компьютердик тестирлөөдөн өтөт;

«№771 токтомдо «аскердик кызматка келерден мурун медициналык күбөлөндүрмөдөн өтүүсү керек» деген жобо бар. Бул жобону Юстиция министрлигинин жана өкмөттүн сайтынан издеп тапса болот. Биздин практикада эң көп гайморит, май таман, варикацеле ооруларынан өтпөй калышат», — деди Саалаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM