Биз менен байланышыңыз

Май айынан тарта электр жарыгына болгон баа кымбаттайт

Коом , Экономика | 16 Фев 2023 | 1082 | 0

Өлкөдө 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа бир сомго көтөрүлөт. Бул боюнча Энергетика министрлиги «Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, электр энергиясын 1 сомго көтөрүү сунушталууда. Муну менен катар пайдалануу лимити 700дөн 1,5 миң киловаттка көтөрүлөт. Лимиттен ашык керектөө болгон учурда 2 сом 16 тыйындан эсептелет. 

Электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча Бишкектеги жашоочулардын пикирин уктук. Айрымдары жарыкка болгон бааны жогорулатууну туура деп эсептесе, айрымдары каршы.

Светтин арзан болгону эле жакшы. Карапайым элге 77 тыйындан эле болсо жакшы болмок. Мисалы, мен беш баламды жалгыз багам. Мендей болгон жалгыз бой аялдар көп. Бир сомго көтөрүлүшүнө каршымын. Чындыгында, бул жерде карапайым эл гана кыйналып жатат.

Бардык нерсе кымбаттап жатат. Светтин баасын бир аз көтөрсө туура эле го. Өзүн-өзү акташы керек да. Кымбатчылык болуп жатпайбы.

Светтин көтөрүлүшүнө каршыбыз. Ким эле чөнтөгүнөн ашыкча акча кетирсин. Өзүбүз пенсионер болсок. Алган пенсиябыз эч нерсеге жетпейт. Баарыбыз эле кыйналып жатабыз. Жакырчылык болуп жатканын түшүнүп жатабыз. Бирок элди да кароо керек.

Свет деген өзүбүздөн чыгат. Көтөргөнгө болбойт да. Свет, сууну кыргыз эли үчүн көтөрүү керек эмес. Тескерисинче, арзан болушу керек. Бөлөк жактан сатып келбейбиз. Светтин кымбаттаганына каршымын.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин Мониторинг жана комплексттүү талдоо башкармалыгынын башчысы Бектеналы Эгемберди уулу электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эски баа менен, тагыраагы, 50 тыйындан төлөшөт. Ал эми лимиттен ашып кетсе, башкалар сыяктуу эле 2,16 сомдон төлөшү керек болот.

«Калк үчүн 77 тыйындан 1 сомго көтөрүү сунушталууда. Ошону менен бирге 700 киловатт-саат колдонуу көлөмү 1,5 киловатт-саатка чейин көтөрүлүп жатат. Ошондо азыркы учурда калк үчүн 700 киловатт-саатка чейин 77 тыйын болсо, ошол 77 тыйындын 1 сомго көтөрүлүшүн сунуштап жатабыз. Ал эми лимитти 1,5 миңге чейин көтөрүп жатабыз. Андан ашканы 2,16 сомдон төлөйт».

Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тариф 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөрүн январь айында президент Садыр Жапаров ачыктаган. Антпесе энергетика тармагын биротоло жоготуп алуу коркунучу бар экенин айткан. Себеби бүгүнкү күндө өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы «Токтогулда» чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп, 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.

Жапаров өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бир да ГЭС курулбаганын, электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо, бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болуп жатканын айткан.

Энергетика маселелери боюнча адис Мырзатай Султаналиев энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшүн туура көрөт. Анын айтымында, учурда бул тармактын тарифи өзүн-өзү актабай жатат.

«Ар бир товар чыгарылганда баасы эсептелинет. Анан электр энергиянын баасы 2 сомдон ашып жатса, 77 тыйындан сатып жатат. Ошон үчүн тарифти көтөрүп жатат. Жок дегенде өзүн-өзү актай турган болсун. Ошон үчүн тарифти бир сомго көтөрдү. Бирок бул да аз. Бир киловатт электр энергияны алуу үчүн эки сом керектелет. Бүгүнкү күндө тарифти көтөргөн туура эле. Эгер муну кичине коё турган болсок, мындан да көп суммага кымбат кылууга туура келет».

Энергетика маселелери боюнча дагы бир адис Эрнест Карыбеков мамлекет светтин баасын кымбаттатпастан, арзан электр станцияларды кура турган саясат жүргүзүшү керектигин айтат. Ал учурдагы саясатты толук өзгөртүүнү сунуштады.

«Тарифти көтөрүү керек деген саясаттан кетишибиз керек. Көтөрүп келе жатабыз. 2014-жылы 2,16 сомго чейин, башкача айтканда, 300 пайызга чейин көтөрүлгөн. Натыйжасы жок да. Жардам бербейт. Ошол жактагы системаны өзгөртүү керек. Электр энергиясындагы системаны улутташтыруу зарыл. Мамлекеттик натыйжалуу башкарууга өтүү керек. Ошондо гана кирешелүү тармак болот. Электр энергияны арзандата турган саясатты жүргүзүү керек. Мамлекет элге арзан ресурсту бериши керек».

Эки күн мурун Энергетика министрлиги «2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомду коомдук талкууга чыгарды. Документ колдоо тапса, ушул жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына болгон баа 77 тыйындан 1 сомго чейин кымбаттайт. Ошол эле учурда 2024-жылдан тарта тариф жыл сайын 1-июндан тарта инфляциянын деңгээлине көтөрүлөрү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM