Биз менен байланышыңыз

Чакан бизнес ээлерин электрондук коштомо кагаз алуу маселеси кыйнады

Коом , Экономика | 15 Фев 2023 | 947 | 0

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери чакан ишкерлерди убарага салганы айтылды. Ишкерлер электрондук коштомо кагазга код алууда кыйналып жатышканы, буга Салык кызматынын даяр эместиги себеп экени белгиленди. Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү.

Мындан сырткары жаңы эреже иштей баштагандан тарта чакан дүкөндөр жабылып жатканы маалымдалды. Ишкерлерде электрондук товардык-транспорттук коштомону колдонууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков базарларда соода токтоп, чакан дүкөндөр жабылып жатканын айтты.

Ал бүгүнкү күнгө чейин жүгүртүүнүн 8 миллион сомунун 4 пайызы иштеп жатканына нааразычылыгын билдирип, инфляция өскөнүнө байланыштуу сумманы 16 миллионго чейин көтөрүү керектигин кошумчалады.

«Көпчүлүк адамдар салык органдарына код киргизүү үчүн товарынын тизмесин берсе, салык органдары 1-2 айдан бери басып жатат. Байкасаңыздар, базарларда иш токтоп калды, дүкөндөр жабылууда. «Глобус» менен «Фрунзе» ири маркеттердин гана иштери жакшы жүрүп жатат. Аталган эки дүкөнгө түшкөн каражаттын баары чет өлкөгө чыгып кетип жатат, ушуну кантип түшүнбөй жатасыздар? Базардагы кичинекей дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүн болсо, «электрондук товардык транспорттук коштомоң жок» деп токтотуп коюшту. Бул эмне деген нерсе? Жок дегенде салык органдары даяр болуп баштабайбы ушуга элдин баарын кыйнабай».

Ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомону колдонууга мүмкүнчүлүктөрү жок экенин ишкер Бактыбек Сыдыгалиев билдирип, бизнес өкүлдөрүн, соодагерлерди түйшөлткөн маселелерди айтып берди.

«Система жакшы иштебей жатат. Бир убакытта системага көп адам кирсе, ал катып иштебей калат. Мындан улам көп ишкерлер күнөөлүү болуп калып жатышат. Болбогон жерде ишкерлердин мойнуна айып тагылып калып жатат».

Ишкерлер менен түздөн иштешип келе жаткан «УчетПрофЛайн» аудитордук-эсептик компаниянын башкы директору Наргиза Мирлан кызы электрондук товардык-транспорттук коштомону киргизүүгө Салык кызматы даяр эместигин ырастады.

Системадагы мүчүлүштүктөрдүн айынан жаңы ачылган компаниялар чек арадагы жүктөрүн ала албай калган учурлар болгон.

«Ишкерлер аталган жаңы эреже, электрондук товардык-транспорттук коштомону киргизүүнү убактылуу токтотуп, анын үстүнөн дагы да жакшыраак иштөө керек экенин айтышууда. Толук кандуу иштелип чыккандан кийин пилоттук долбоор катары милдеттүү эмес, ыктыярдуу түрдө киргизилсе деген да сунуштарын айтып жатышат. Мындан сырткары бир жыл эмес, шашпай, акырындап, алдыңкы 5 жылда киргизүүгө туура болорун белгилешүүдө».

Жогоруда аталган маселелерге Салык кызматы алгылыктуу жооп берген жок.

Буга чейин Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачык-айкындыкты камсыз кылуу экенин билдирген.

«Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт», — деген жүйө айтылган.

Быйылкы жылдан тарта Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТК) түрү болушу шарт. Азыр кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат.

Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан «жеке кабинет» ачып, ар бир коштомо кагазын тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Copyright © 2017 Maral FM