Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №19 жана №31 жаңы автобус каттамдары ишке кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2023 | 339 | 0

Бишкекте жаңы №19 каттам ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«№19 каттам жолго коюлду. Анын багыты экинчи автопарк жайгашкан Кустанай көчөсү менен Профсоюз көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамадан башталат. Профсоюз көчөсү менен барып, Фучик — Чүй проспекти — Жаш гвардия бульвары – Лев Толстой – Э. Матыев көчөсү – А. Бакаев көчөсү – И. Ахунбаев менен Ак-Ордону көздөй кетет. Акыркы аялдамасы Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсү менен Көк-Асаба көчөсүнүн кесилиши болот. Бул көчөлөрдө бир да коомдук транспорт жүрө элек болчу», — деди ал.

Ошондой эле Бишкек шаарында №31 каттам №101 маршруттук каттамдын ордуна ишке кирет. Ал Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө шакекче кыймылында жүрөт. Ынтымак жаңы конушунан Д. Садырбаев көчөсү менен түшүп, Жайыл Баатыр – К. Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү менен 7- апрель — Курманжан Датка — Жибек Жолу проспекти — Абдрахманов –Байтик Баатыр көчөсү менен кайра кайтып келет.

Ал: «№101 микроавтобустун каттамындагы кээ бир көчөлөр өзгөртүлдү», — деп кошумчалады.

Бишкек шаарында коомдук транспорттун кыймылын, жаңы багыттарын мэриянын коомдук транспорт департаменти аныктайт. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына 120 автобус келген. Алардын 50дөн ашыгы учурда каттамдарга коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM