Бүгүнкү күндө окурман кандай китептерге кызыгат? Кыргызстан канткенде китепкөй өлкө боло алат? Бул суроолордун айланасында «Маралдын» «Күн чабыт» программасында «ОКУ» басма үйүнүн жана Book House китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү Замирбек Таштемиров, «Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев, «Ак барак» коомдук фондунун жетекчиси Нурболот Азамат маек курушту.
— Бүгүн кандай китеп сатылып жатат? Кыргызстанда китеп окуу маданиятын жайылтуу иштеринде жылыш барбы?
Замирбек Таштемиров: — Азыркы учурда жаштар окуп, улуу муундагыларды окута албай жатабыз. Чоң аталарыбыз окуса, андан кийинкилер китептен алыстап кетти. Балким экономикалык абалдан улам ушундай жагдай болууда. Бул боюнча иш алып барып жатабыз. Окурмандарды жашына, тилине жараша бөлсөк болот. Мисалы, орус тилдүүлөр же кыргыз тилдүүлөр, жаштар же улуу муундагылар кайсы китепти окуй турганын аныктап чыгышыбыз керек. Улуу муундагылар мурдатан эле көркөм адабиятка кызыгып, чыгармаларды окуп келишкен. Ал эми жаштар өзүн-өзү өнүктүрүүчү китептерди көбүрөөк окуп жатышат. Бул саамалыкты жайылтууда билим берүү жана илим министри мектептерде, университеттерде белек берүүнү уюштурса болот. Жогорку Кеңеште да бул нерсени эске алып, депутаттар бири-бирине китеп беришсе жакшы болмок. Көп катталуучусу бар блогерлер да ушул саамалыкты жайылтышса, китеп маданиятына кошкон салымыбыз болот деген ишеним бар.
— Китеп белекке берүүнү, окууну кантип трендге айландыра алабыз?
Нурболот Азамат: — Биз китеп окууну идеалдаштырып, кол жеткис кылып карап келгенбиз. Эң негизгиси, китепке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Китепти текчелерге тизип, балдарга бербей, «китептин бетине жазбоо керек» деген тарбия менен чоңоюп калдык. Биринчи ушул нерсени жоюп алганыбыз жакшы болот. Китеп окулуп, белекке берүү деңгээлине жетиши керек. Жогоруда айтып кеткендей, коомдо орду бар адамдар китеп окууга болгон чакырыктарын, сунуштарын жайылтууга салым кошсо болот.
— Жакында эле китеп форум өткөрдүңүздөр, буга чейин мындай деңгээлдеги иш-чара болгон эмес деген кептер айтылды. Эмнеге бул чөйрөнүн адамдары чогула албай келген?
Нурболот Азамат: — Бул сөздү келген катышуучулар айтып жатат. Уюштуруучулар жөн гана китеп форум деп айтып койгонбуз. Буга чейин жолугушуулар ар кандай масштабда болуп келген. Азыркы уюштурган форумдун форматы башкача өттү. Себеби майрам, фестивалга айланта алдык. Ага чейин бет ачар, китеп талкуулар, тегерек столдор өтүп келгени үчүн жаштарга кызыксыз болгон. Атайын чакырылган адамдар гана келип, чоң аудиторияга белгисиз бойдон калган. Биздин уюштурган китеп форум баарына кулачын жайып, каалаган адам келип бекер катыша алды.
— Ушундай форумдарды уюштуруп туруу эмнеге маанилүү? Дагы кандай өзгөчөлүктөрдү киргизүү керек?
Замирбек Таштемиров: — Биз өнөктөш катары форумдун жетекчилери менен чогуу уюштурдук. Дүйнөлүк деңгээлде book fair жышааны уланып келе жатат. Ошону Кыргызстанга жайылтуу үчүн алгачкы жолу уюштуруп көрдүк. Мындан кийин Борбор Азия боюнча кеңири масштабда уюштурууну пландап жатабыз. Айрым авторлор, китеп дүкөндөр үчүн өзүн таанытып алууга мыкты аянтча болот. Китеп форумга барган жаштар аябай сонун идеяларды айтышты. Кээ бир сунуштарды жазып отурдук. Буга чейинки кемчиликтерди толуктай турган иш-чара болду десем болот.
— Бизде көбүнчө өзүн өнүктүрүүгө багытталган китептер көп суралат. Бул сатуучулардын маркетинг аракетиби же социалдык абалыбызга байланыштуубу? Бул кандай көрүнүш?
Замирбек Таштемиров: — Негизи окурман китепти өзү тандап, өзү талдайт. Бул нерсе тамакка болгон табитке окшош, ар ким өзүнүн табитине жараша тандап окуйт. Айрыкча кичинекей балдарга өзүбүзгө жаккан китепти алып берип койбой, тандоону өзүнө жасатуу керек. Себеби өзүнүн табитиндеги китепти окубаса, китеп ага душман болуп калат. Ошондуктан өздүк өнүгүү социалдык абалга жарашабы же тез эле байып кетишибиз керек деген түшүнүк бар болгону үчүн көп окулат окшойт. Мындай китептерди окуп, тез эле бийиктикке жетүү үчүн эмес, балким кичине болсо да, ыкмаларды үйрөнүүгө аракет кылуу керек. Ошол үчүн ар бир адам өзүнө тиешелүү жагын үйрөнүп алса жакшы болот. Мисалы, бизнесмендердин экономика, финансы жаатында билими болбосо, тез эле кыйрап калышы мүмкүн. Биз көбүнчө мектеп окуучуларына басым жасап, ондой китепти которуп чыктык. Окуучулар талашып окуп, басып чыгарганга жетишпей жаттык. Бул китептер өзүн-өзү өнүктүрүүчү эмес, көркөм адабият жаатындагы китептер болчу. Демек, жаштарды башка жааттагы китептер да кызыктырат.
Нурболот Азамат: — Мен өзүн өнүктүрүүгө багытталган китептерди экиге бөлүп карайт элем: жалаң суудан турган жана чыныгы пайдасы тие турган. Биринчи бетинде эле «эрте менен эрте турушуң керек» деген китептерди жазып жатышат. Ал жерде да ылгап, өзүңө керектүүсүн тандап алышы керек. Жаштардын тандоо табити толук түрдө калыптанып бүтө элек. Ошол үчүн мукабасы, аталышы кызыктырышы мүмкүн. Бирок ошол нерсеге кызыгып, ээрчип окуганы да жакшы көрүнүш.
— Бакыт мырза, жакында эле атайын статистика жарыяладыңыздар, азыркы учурда кайсы муундагылар китепти көп окуйт экен?
Бакытбек Абдуллаев: — Биринчиден, китеп окууну романтика катарында көрбөй, өнүгүү маселеси катары көрүшүбүз керек. «Ак барак» фонду менен бирге изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаганбыз. Ал жерде 80% окурмандар 35 жашка чейинки курактагылар болду. Китептердин жанры жагынан эң көп 26%ы көркөм адабиятты, 22%ы өзүн-өзү өнүктүрүүчү басылмаларды, ал эми 20%ы диний, 9,6% тарыхый китептерди окушарын айтышты. Окурмандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгону үчүн алардын тандоосундагы өзүн-өзү өнүктүрүүчү китептерди басып чыгарып жатабыз. Биз катышуучуларга жылына канча китеп белекке берерин сураганбыз. Катышуучулардын 59%ы белекке китеп берерин айтышса, 10%ы «Китепти да белекке берсе болобу?» дешти. Китеп белекке берүү күнү 2012-жылдан бери белгиленип келсе, кайсы бир деңгээлде окурмандар арасында калыптана баштаптыр. Жалпы калктын катмарында да мунун үстүндө иштешибиз керек.
— Мамлекеттик катчы кызматы улуттук идеологияны жайылтуу максатында кайра бекитилген. Мамлекеттик катчылардан бири китеп окууну жайылтууга кызыгып, сиздерден кеңеш сурган учур болдубу?
Бакытбек Абдуллаев: — Китеп форумду уюштурганда да эч бир мамлекеттик кызматкерге сөз берилбей, өз киндигин өздөрү кескен маркетологдорду, китеп дүкөн, басма үйлөрдүн негиздөөчүлөрүн чакырдык. Эгер мамлекет тарабынан бизге колдоо көрсөтүп койсо кубанабыз.
— Мамлекеттик китепканаларда көбүнчө эски китептер бар, ошолорду жаңылоо үчүн басма үйлөрдөн китеп сатып алышса же котормо иштери үчүн тендер жарыяласа болбойбу?
Замирбек Таштемиров: — Мурдагы жылы президенттин аппараты китеп алып, китепканаларга таратты. Тилекке каршы, саамалык акырына чейин уланбай калды. Көбүнчө бул жаатта өз арабасын кылдыраткандар иштеп жатат. Бул жагынан Казакстанды мисал алсак болот. Себеби дүйнөлүк деңгээлдеги эң көп сатылган 1000 китепти казак тилине которууну мамлекет колго алып, атайын тендер жарыялады. Балким буга биздин экономикалык абалыбыз туура келбеши мүмкүн. Жок дегенде 10 жылга пландап, дүйнөлүк деңгээлдеги китептерден жылына 100дү чыгарып турсак болмок.
Бакытбек Абдуллаев: — Улуттук авторлор китептен алыстап кеткени үчүн же окурмандын табитине жараша чыгарма жаза албаганы үчүн китептерибиз азайып кетти. Жылына бизде 900дөй аталыштагы 685 миң нуска китеп басылып чыгат. Ошондо жети миллион калкка бир жылда бир эле китеп туура келет.
-Плагиат китептер көбөйдү. Басма үйлөр атайын уруксат алып, чыгарасыздар. Аны көчүрүп көчөлөрдө арзан баада сатып жатышат. Муну менен кантип күрөшүү керек?
Замирбек Таштемиров: — Плагиат маселеси китеп жаатында эле эмес, башка тармакта да болуп келген. Балким салык тармагына келип такалат. Мамлекет балдар жаатында китеп басып чыгаргандарга салыкты алып койгон. Ошол үчүн башка жааттагы китептерге болгон салыкты жоюп салса, өнүгүү жаатында жакшы болмок. Кошумча чет өлкөдөн өзүбүздүн каражатка китеп алып келсек, аны башка бирөө көчүрүп алып жатат. Ошондуктан жок дегенде китеп жаатында жүргөндөр ушундай нерсени баштабай, үлгү болуп берсек жакшы болмок.
Бакытбек Абдуллаев: Мамлекет эмне кыла алышы мүмкүн? Биринчиден басма үйлөр чыгарган китептерди сатып алып, мамлекеттик китепканаларга таратса болот, бул китеп фондун жаңылоо үчүн да керек. Экинчиси, салык маселеси. Чыгыш, Азия мамлекеттеринде китеп салыктан толук бошотулган, нөл ставка. Ошол эле учурда акыркы бир жылда китеп кагазынын баасы өстү. Биз ошого карабай, окурманды качырып албайлы деп китептин баасын кымбаттатпаганга аракет кылабыз, бирок айла жок.
Өзүбүздө кагаз өндүрүлбөйбү, демек, мамлекеттке четтен келген кагазды салыктын бардык түрүнөн токтотуп койсо, сатылган китептердин баасынын арзандашына алып келет. Ошондо плагиат китептердин баасына атаандаштык түзүлмөк.
Биз кагазга салык төлөйбүз, китеп чыгарганда да салык төлөйбүз, көчөдө сатып жаткандар эч нерсе төлөбөйт, юридикалык жактары да жок, уурдап эле сатышат.
Дагы бир нерсе айта кетейин, жакында жасаган изилдөдө «китеп окууга сизди эмне, ким шыктандырат» деген суроо бар эле. Анын жыйынтыгын карасак, эң көп үй-бүлө шыктандырат деп тандашыптыр. Экинчиси, мектептен үйрөнүшөт, китеп окуу сааттарын киргизиш керек, азыр жеке менчик мектептерде мындай практика бар. Биз бардык мектептерге киргизсек китеп окуган коом өсүп чыкмак.
Анан, китеп окууга шыктандыруу боюнча биздин саясатчылардын болгону үч пайыз таасири бар экен. Биздин коом эртеден кечке саясатты талкуулайт, аларды кумир тутат, бирок алар бизге китеп окууга шыктандыра албайт экен. Демек, өзүнүн имиджин, репутациясын көтөрүү үчүн окуган китептерин жарыяласын, социалдык тармакта бөлүшүп койсун, көп адамга таасир этет.
-«ОКУ» долбоору китеп окуу сынактарын өткөрүп келет. Бул китеп окууну жайылтууга канчалык салымын кошуп жатат?
Замирбек Таштемиров: — Китеп окууну 3-класстан башташыбыз керек. Ага чейин балдарга китепти ойнотсок болот. Себеби балдар китепти таануу үчүн жыртып, чайнап, тиштеп көрүшү керек. Балдарды коркутуп окутпай, сүйдүрүп үйрөтсөк жакшы болот. Китеп сынакты да мектеп окуучулары, студенттер, анан жалпы окурмандар үчүн өткөзүп келе жатабыз. Ушул убакытка чейин 65 миңден ашуун жаранга китеп окуттук. Азыркы учурда дагы уланып жатат. Негизи окурмандар үчкө бөлүнөт: окуйт, бирок түшүнбөйт; окуйт, түшүнөт; окуп, түшүнүп, автордун катасын таап чыгат. Биз үчүнчү окурмандын деңгээлине жетишибиз керек.