Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарында Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду.
Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо ниетин билдиришти. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү да жолугуп, соода байланыштарын талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен 12-февралда барды. 13-февралда Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Будапешт шаарында Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.
Сапардын алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы, билим берүү тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүү белгиленген.
Мындан сырткары «Будапешт-Бишкек-Будапешт» багыты боюнча түз аба каттамын ачууну макулдашты. Кыргызстан жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттарын жеңилдетүү тууралуу да сөз болду.
Эгер эки өлкө ортосунда түз аба каттамдары жанданса, Кыргызстан үчүн инвестицияларды тартууга жана туризм тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын экономист Чынара Аманбаева белгиледи.
«Президенттин расмий иш сапарынын максаттарынын бири — эки тараптын маданий-гуманитардык кызматташтыгын жандантуу болчу. Тактап айтканда, билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга ниеттенишкен. Мисалы, академиялык мобилдүүлүктү киргизүүнү пландаштырышкан. Бул студенттерди жана окутуучуларды белгилүү бир убакытка окуу же окутууга чет өлкөгө жөнөтүү болуп саналат. Мындай чечимдер керектүү жана биз үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет».
Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун бериле турган болду. Бул маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө жетишилди.
Кыргызстан менен Венгрия стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы өтө натыйжалуу чечим болгонун экономист Эрлан Камалов белгилейт. Анткени ал Венгрия Кыргызстан үчүн Европа мамлекеттерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга эшик болуп берет деп эсептейт.
Ал Кыргызстандан Венгрияга экспорттоого мүмкүн болгон товарларды атады.
«Кыргызстан Венгрияга көп айыл чарба товарларын, мындан сырткары азыркы тапта Европа өлкөлөрүндө тартыш болуп жаткан энергетика ресурстарын, көмүрдү жана дагы башка материалдарды экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошого байланыштуу Кыргызстан өз экспорттук потенциалын натыйжалуу колдонсо, жергиликтүү компанияларга да жакшы шарттар пайда болот».
2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылган. Аталган фонд инвестицияларды тартууга жана долбоорлорду ишке ашырууга натыйжалуу аянтча болуп, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө салым кошууга багытталган.
Фонд эл аралык уюм болуп, анын баштапкы капиталы 16 миллион долларды түзөт. Ушул күнгө чейин фонд беш долбоорду колдоого алды. Көбүнесе айыл чарба тармагына басым жасалып, асыл тукум малды Кыргызстанга алып келүүгө багытталууда.
Бул тууралуу Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун өкүлү Ханчоро Мурзалиев билдирип, мындан ары энергетика тармагында долбоорлор ишке аша турганын кабарлады.
«Былтыр жайында Кыргызстанга венгер компаниялары, анын ичинен энергетика боюнча иш жүргүзгөн компания да бар болчу, ошол компания биздин жергиликтүү бир компания менен биргелешип, чогуу бир долбоордун үстүндө иштеп жатат. Аталган долбоор Кемин районунда чакан ГЭС курууга багытталган. Кубаттуулугу 20 мегаватт. Долбоордун баасы 26 млн доллар».
Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы Венгриянын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат.