Биз менен байланышыңыз

Сирия: Урандыдан табылган ымыркайды асырап алгысы келгендер көп болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 308 | 0

Социалдык тармактарда жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып калган видео тарады. Тасмада чаңга баткан ымыркайды көтөрүп,  урандыларынын арасынан чуркап бараткан адам тартылган. Жаңы төрөлгөн ымыркайды Сириянын Африн шаарындагы ооруканага алыскы тууганы Халил ас-Сувади жеткирген. Учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген адам кызды кантип багып алуу керектигин сурап жатышат. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымат агенттиги жазды.

Урандынын алдында төрөлүп, бир чоң үй-бүлөдөн жалгыз калган ымыркайдын киндиги энесинен ажырабаганы үчүн тирүү калганын кызды таап алгандар айтып беришкен. Ошондуктан ага Айя деген ысымды беришкен. Айя араб тилинен оодарганда «керемет» дегенди билдирет. Кыз азыр ооруканада, учурда абалы жакшы.

«Ал дүйшөмбү күнү начар абалда келди. Денеси көгөрүп, үшүп, араң дем алып жатты», — деген аны караган педиатр Хани Маруф.

Ымыркайды багып алууну каалагандар көп болуп жатканын айткан оорукананын жетекчиси Халид Аттиа: «Мен аны азыр эч кимге багып алууга уруксат бербейм. Ага өзүмдүн кызымдай мамиле кылам», — деген жообун узатты.

Халид Аттианын жубайы жакында эле көз жарган. Учурда урандыдан табылган кызды өзүнүн кызы менен кошо эмизип жатат.

Журналист Мохаммед ал-Аднан Би-Би-Сиге урандынын астында дагы да көптөгөн адамдар бар экенин, баары толук табыла электигин билдирген. Анын айтымында, шаардын 90%ы талкаланып калган. Сирияга жардамдын көбү жергиликтүү калктан келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM