Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзаладан жабыркаган мекендештердин абалы кандай?

Коом | 10 Фев 2023 | 410 | 0

 10-февралга карата алынган маалымат боюнча Түркиянын чыгышында 121 миңден ашуун куткаруучу издөө иштерине тартылды. Алардын арасында Кыргызстандан да барган куткаруучулар бар. Алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Акыркы маалыматтарга караганда 34 жарандын сөөгүн алып чыгышкан. Жер титирөө болгон аймакта жашаган кыргызстандык мекендештер коопсуз жайга көчүрүлүп жатат. Хатай аймагында бир кыргызстандык келин каза болгонун «Маралга» бир тууганы кабарлаган. Тышкы иштер министрлиги маалымат тактала электигин билдирген.

Мекендешибиз Майрамкан Маматказиева беш жылдан бери Түркиянын Адана шаарында карыя карап эмгектенип келет. Ал зилзала болгон учурда көп кабаттуу үйдө сиңдиси менен болгон. Анын айтымында, жер катуу силкингенде алардын үйүнүн жанындагы үйлөр кулап, алар жашаган турак үйдөн жарака кеткен. Зилзаладан кийин катуу жаан жаап, күн суукта жардам келгенче унааларда баш калкалашкан.

«Жер титирөөдөн кийин нөшөрлөгөн жамгыр жаады, жаандан сактана турган жерлер жок, бир машинанын ичинде сактандык. Кыйроолор көп болуп, элдер ыйлап, кыйкырып жатты. Андан кийин бизди кыргыз кыздар Аданага алып келишти. Аданадан элчиликтен келишти, андан кийин бизди Аланьядагы кыргыз кыздардын жанына жиберишти, сиңдимдин паспорту калып кетиптир, элчилик кайра жасап беребиз деп жатышат. Бүтүп калса балким Кыргызстанга барабыз, балким иштеп калабыз. Азыр бир жерге токтоно албай жатабыз. Кетсек деп ойлонобуз, токтойбу, токтобойбу, аны да билбейбиз. Биз жашаган үй жарака кетти, жаныбыздагы үйлөр бүт кулап калды. Сиңдимдин паспорту үйдө калып калды, ала албай калдык. А меники колума көтөргөн сумкамда болчу, жанымда эле. Сумкаларыбыз, кийимдерибиз бүт эле калып кетти, үстүбүзгө жеңил кийинип эле чыкканбыз, караңгыда таппай, үшүп, анан көчөдөн эски нерселерди алып жамынып олтурдук. Кыздар алып келишкенден кийин одеяло беришти. Азыр Аланьяда кыргыз кыздын үйүндө жатабыз. Жакшы эле, курсагыбыз ток, үй жылуу.Бул жактагы кыргыздар дагы жардам берип жатышат. Консулдар да сурап жатат. Стресстебиз азыр, оюбуз бир жерде эмес, кабатыр болуп, балким дагы болуп кетеби деп уйку качууда. Биз бул жакта кары-картаңдарды карачубуз, сиделка болуп».

Түркиянын Анталия шаарындагы дагы бир мекендешибиз Шерикбек Акимов да апааттан жапа чеккендерге жардам чогултуп жатышканын айтып берди. «Мындай оор кырдаалда улутка бөлүнбөй, орустар, уйгурлар, казактар — баары ынтымакта жардам чогултуп жатат», — дейт мекендешибиз.

 «Жер титирөө болгон аймактарда аба ырайы суук болуп жатат,  -10, -15 градус төмөн. Жер титирөө болгон аймактын тургундарынын жашай турган жерлери жок, суукта калып жатат. Ошого жылуу төшөк, баш кийим, ар кандай керектүү буюмдарды топтоп жатабыз. Тааныш-билиштерден акча топтоп жатабыз, колдон келген жардамын берип жатышат. Кыргыз, уйгур, казак, орустар — бардыгы эле берип жатат. Мындай апаат менен күрөштө эч ким бөлүнбөй баары ынтымакта жардам берип жатышат. Адамгерчилик менен ишеним керек азыркы учурда. Акчалай жардам лира менен эсептесек, буга чейинки бергендерибиз 100 миң лирадай болду. Азыр дагы 100 миң лирага жакын акча топтоп жатабыз».

Самаргүл Токтосунова аттуу мекендешибиз Анталияда жашайт. Анын үйүндө Кахраманмараш шаарынан келген туугандары баш калкалоодо. Анын айтымында, туугандарынын үйү жер катуу силкингенде кыйрап калган. Азыр алар эмне кылышарын билбей жатышат жана психологиялык жактан жабыр тартып, коркуп отурушат.

«Менин жолдошумдун бир тууган агасы үй-бүлөсү менен биздикине келди. Алар күндүзү болгон экинчи жер титирөөдөн соң үйдөн кетишкен. Биринчи силкинген учурда эчтеке болгон эмес. Кахраманмарашта жашашат болчу, үйдөн качып чыккан соң үйлөрү талкаланган. Азыр абалдары жакшы, биздин жаныбызда, Антальяда. Алар азыр үйлөрүнөн кабар алганы Кахраманмарашка барып келгени даярданып жатышат. Хатайда жолдошумдун туугандары бар болчу, эки кабаттуу үйдө эки үй-бүлө турушчу. Түн жарымда жер титиреген учурда терезеден качып чыгышкан. Учурда алар да биздикине келишти. Мындан ары кайда жашашат белгисиз. Абалдары жакшы эле, бирок пардалар кыймылдаса да коркуу сезими күчөп жатат. Азыр биз да коркуп жатабыз, анткени бул жакта да жер титирөө болушу мүмкүн деп айтып жатышат го. Дүкөнгө чыкканда да бир кабаттууларына киргенге аракет кылып, 2-3 кабат болсо шашылып чыгып жатабыз. Эч ким эчтеке билбейт, план жок. Үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн үч ай убакыт кетет деп айтышты, ага чейин ким, кайда, эмне болору белгисиз».

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду» деген маалыматты тастыктай элек. Акыркы маалыматтар боюнча Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 20 миңден ашты. Урандыларды тазалоо уланып жатат жана мындан улам курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Кыргызстан боордош элге жардам көрсөтүүнү улантууда. Ички иштер министрлиги 3 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Анда жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар. Мындан сырткары дагы 100 куткаруучу жана 100 боз үй жөнөтулөөрүн кабарланган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөдөгү адам курмандыктарына байланыштуу түрк элине көңүл айтты.

Copyright © 2017 Maral FM