Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мекендеш: Шаар кан жыттанып, ооруканаларда орун жок

Блог | 10 Фев 2023 | 1554 | 0

Рахат Ташматова сегиз жылдан бери Түркиянын Адана шаарында жашап, Кыргызстандан барган кыз-келиндерге жумушка орноштуруп иштейт. Ал зилзала учурунда көп кабаттуу үйдөн чыгып кетүү кыйынчылык жаратканын айтып берди.

Марал: — Зилзала учурунда каякта элеңиз?

Рахат Ташматова: — Дүйшөмбүдө таңга маал саат 4:17де жер титиреди. Жолдошум экөөбүз, анан дагы бир коногубуз болуп, үйдө уктап жатканбыз. Жер титирегенде эле жолдошум мени ойготту. Экөөбүз эптеп каалганын түбүнө келдик, бир колубуз менен эшиктин туткасын, бир колубуз менен бири-бирибизди кармашып турдук. Үйүбүз сегизинчи кабатта, эмеректер «ордунан секирип,  бийлеп» жатты. Сегизинчи кабат өйдөрөөк болгону үчүн аябай катуу болду. «Өлдүк» деген ой келди. Силкинүү көпкө созулду. Токтоору менен дароо телефонубузду зарядкасы менен, анан колубузга тийген бир сыйра кийимибизди алып эле тышка качып чыгып, кайын атамдын үйүнө жөнөдүк. Көчөлөр машинага толгон, баары качып баратышты. Жаан жаап, чагылган чартылдап жатты. Эртеси кайын атамдын үйүндө чайга отурганда дагы жер титиреди. Эки кабат жер там болгондуктан анчалык коркунучтуу болгон жок. Түштөн кийин өзүбүздүн үйгө барып, шаша-буша документтерибизди, керектүү буюмдарыбызды алып чыгып кеттик.

Марал: — Азыр абалыңыздар кандай? Коопсуз жайдасыздарбы?

Рахат Ташматова: — Бул жакта турмушка чыккан кыргыз кыздары көп, алар менен WhatsApp группалар аркылуу байланышып турабыз.  Баары жакшы. Османие шаарында токтогулдук Уялкан деген кыз жашайт, 12-кабатта турат. Эжеси ошол күнү конокко келген экен. Жер титирегенде үйлөрү талкаланып, документтерин алалбай калышыптыр. Консулдуктан байланышып, Антальяга алып кетишти. «Документ иштерин тез арада бүтүрүп беребиз, кабатыр болбогула» дешти. Османиеде жер титирөө катуу болгондуктан аябай коркуп калышкан. Учурда алардын абалы жакшырып калды. Калган кыздар жакшы. Кооптуу жайларда жашаган мекендештерибиз Стамбул, Анкара шаарларына кетишти.

Марал: — Психологиялык абалыңыздар кандай?

Рахат Ташматова: — Баарыбыздын психологиялык абалыбыз жакшы эмес. Тишимди дарылатып жаттым эле. Эгер дарыгер уруксат берсе, Кыргызстанга же Орусиядагы эжемдин жанына барып келсемби дегем. Консулдуктан: «Каалоочуларды Кыргызстанга алып кетебиз», — деп чалышты. Бирок кыздар: «Кетпейбиз, ушул жакта иштей беребиз», — деп жатышат.

Марал: — Гуманитардык жардам жетип жатабы?

Рахат Ташматова: — Биз негизи гуманитардык жардамга муктаж деле эмеспиз. Ошол жер титиреген күндөрү консулдук кыздарга куртка, жылуу жууркандарды алып келишиптир. Алар бир спорт залдын имаратында жашап жатышты. Жардам чыныгы муктаж адамдарга берилиши керек. Мен ооруканага барып келдим. Абдан катуу жаракат алган, абалы оор адамдарды көрдүм. Чоң, жаңы салынган оорукананын ичинде бош орун жок. Жерде жатканы жерде жатат, өздүгүн билбеген балдар толо. Кан жыттанып, оор абал болгонуна карабай, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге ыракмат. Аларды көрүп алып, дагы да психологиялык абалым начарлап кетти. Учурда Адананын үстүндө тынбай вертолеттор учуп, жабыр тарткан жарандарды алып келип жатышат.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны акыркы маалыматтар боюнча 20 миңден ашты. Урандыларды тазалоо уланып жатат жана мындан улам курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM