Биз менен байланышыңыз

Орусия Орто Азиянын үч өлкөсүнө мигранттарды даярдаган борбор ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 483 | 0

Орусия 2023-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен миграция боюнча өкмөттөр аралык келишимдерге кол коёт. Бул тууралуу Орусия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча директору Александр Стерник «РИА Новостиге» билдирди.

Дипломаттын айтымында, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда миграцияга даярдоо борборун ачуу иштери жүргүзүлүүдө.

«Биздин мыйзамга ылайык, алар Орусияга барууну каалагандарга кызматтардын бүтүндөй топтомун беришет (манжа изи, сүрөткө тартуу, каттоо)», — деди Стерник.

Мындан тышкары орусиялык иш берүүчүлөр үчүн уюштурулган топтом боюнча кеңеш жана керектүү медициналык корутундуларды берүү каралган.

«Биз биргелешип миграциялык агымдарды тартипке келтирүү менен алектенебиз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен тийиштүү өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюп чыгабыз деген үмүттөбүз», — деп кошумчалаган ал.

Copyright © 2017 Maral FM