Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Жакынкы беш жылда жер титирөө көп болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 1402 | 0

Жакынкы беш жылда Жер планетасында жер титирөөлөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусия илимдер академиясынын бирдиктүү геофизикалык кызматынын директору, техника илимдеринин доктору Юрий Виноградов «РИА Новостиге» билдирген.

Анын айтымында, 9 баллга жеткен чоң жер титирөө жакынкы беш же жети жылда бир жолу, 8 баллга чейинкиси жыл сайын эки-үч жолу болушу ыктымал.

«Акыркы төрт жылда бизде сейсмикалык активдүүлүк азайган. Планетада сейсмикалык энергияны бөлүп чыгаруу бир аз төмөндөгөн. Ал эми бизде бардыгы орточо көрсөткүчкө умтулгандыктан, жакынкы беш жылда сейсмикалык активдүүлүк орточо көрсөткүчтөн бир аз жогору болот деп ишенүүгө негиз бар. Демек жер титирөөлөрдүн саны бир аз көбөйөт. Бирок эң күчтүү жер титирөө кайда болот,  мен аны так айта албайм», — деди Виноградов.

Белгилей кетсек, 7,7 баллга жеткен зилзала дүйшөмбү күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында болгон. Ошол эле күнү түштөн кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Түркияда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 17 миңден ашып, жарадар болгондордун саны 71 миңден ашкан. Эрдоган Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жана кырсыктан жабыркаган 10 аймакта үч айлык өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM