Биз менен байланышыңыз

Казакстан бензинди жана дизелдик отунду транспорттун бардык түрү менен ташууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 348 | 0

Казакстанда республиканын аймагынан транспорттун бардык түрлөрү менен мунай заттарын ташып чыгууга тыюу салынууда. Мындай чара Энергетика, соода жана улуттук экономика министрлигинин биргелешкен буйругу менен каралган. Ал расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.

Тыюу төрт айга созулат. Чектөө бензинге, дизелдик отунга жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүнө (майлоочу майлардан, кошумчаларды тандоо боюнча илимий-изилдөө иштери үчүн авиаотундан жана башка бир катар аталыштардан тышкары) тиешелүү болот.

Буйруктун долбоору январдын аягында коомдук талкуу үчүн жарыяланган. Ал ички рынокту мунай продуктулары менен камсыз кылууга, ошондой эле талаа иштеринин алдында алардын мыйзамсыз экспорттолушуна жол бербөөгө багытталган.

Казакстанда өткөн жылдын июль айынан бери мунайзаттарды автотранспорт менен ташып чыгууга тыюу салынган. Ал январь айында дагы жарым жылга узартылган (жеке максаттар үчүн айдоочуга күйүүчү майдын толук жабдуусуна жана канистрде 20 литрден көп эмес запаска ээ болууга уруксат берилет). Энергетика министрлигинде мындай кадам чек ара аймактарындагы транзиттик унаалардын айдоочуларынын күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон жогорку суроо-талабы жана ички тартыштыктын пайда болуу коркунучу менен түшүндүрүлдү.

Белгилей кетсек, Казакстанда бензиндин жана дизелдин чекене баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM