Биз менен байланышыңыз

Орус сейсмологу Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөөнүн себептерин атады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 730 | 0

Анадолу жаракасынын Чыгыш бутагы, Түркия жер титирөөлөрүнүн сериясын жаратты. Бул тууралуу Жер-физика институтунун сейсмикалык коркунуч лабораториясынын башчысы Алексей Завялов «Известия» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Түркиядагы жер титирөөнүн бул сериясын Анадолу жаракасынын Чыгыш бутагы жараткан. Түндүктөн Грецияга, чыгыштан Гималайга чейин жетет. XX кылымдагы Түндүк Анадолу жаракасында бир нече жолу күчтүү, социалдык жактан маанилүү жер титирөөлөр болгон. Алардын акыркысы Измитте 1999-жылы катталып, курман болгондордун саны 17 миң адамдан ашкан. Ал эми Чыгыш Анадолу жаракасында 100 жылдан бери күчтүү жер титирөө болгон эмес. Бул активдүү жарака болгондуктан, мындан кийин да жашай берет», — деди сейсмолог.

6-февралда күчтүү жер титирөө болгон Түркия менен Сирия кооптуу аймактар деп эсептелген эмес. Ал жерде 100 жылдан ашык убакыттан бери күчтүү сейсмикалык активдүүлүк байкалбаган.

Адис имараттардын масштабдуу бузулушунун себебин жер үчүн тобокелдик деңгээлин баалабай коюу жана жергиликтүү бийлик тарабынан имараттардын курулуш стандарттарынын сакталышын үзгүлтүксүз текшерүүнүн жоктугу деп эсептейт.

«Бул дал ушул аймакта белгилүү болгон биринчи күчтүү сейсмикалык окуя, ошондуктан ал күтүүсүз болду. Сейсмикалык коркунуч бааланбай калган, натыйжада үйлөр сейсмикалык таасирдин төмөнкү деңгээлинде долбоорлонгон жана курулган. Бул нерсе масштабдуу кыйроолорго себеп болгон. Имараттар мындай кубаттуулуктагы соккуга туруштук бере алган жок», — деп кошумчалады Завялов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM