Биз менен байланышыңыз

Түркияда Өзбекстандын жараны каза болуп, төртөө дайынсыз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 927 | 0

Өзбекстандын жараны Түркиядагы жер титирөөдөн Малатья аймагында каза болгонун Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары төрт өзбек жараны дайынсыз болууда. Алардын жайгашкан жерин аныктоо боюнча издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

ТИМ жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга жиберилген Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 10 миңден ашуун этникалык өзбектер жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерин баштаганын билдирди.

Өзбекстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Өзбекстандын Башкы консулдугу, Өзбекстандын жарандарын табигый кырсык болгон аймактардан коопсуз жерлерге көчүрүү жана аларды мекенине кайтаруу боюнча чараларды көрүүдө.

Түркиядагы жер титирөөдөн 3381 адам каза болуп, 20,4 миң адам жабыркады. Өлкөдө кеминде 5775 имарат кулады. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн тарыхында дээрлик 100 жыл ичиндеги күчтүү жер титирөө деп атады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM