Биз менен байланышыңыз

Кыздардын жетилүүсүнө арналган мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2023 | 547 | 0

Биз иштеп чыккан тиркеме Оку (оки) деп аталат. Долбоорду ЮНИСЕФ уюмунун аймактык кеңсеси иштеп чыккан. Тиркеменин негизги максаты өспүрүм кыздарга алардын жетилүү мезгилинде организмде болуп жаткан өзгөрүүлөрү, ден соолугу жана дагы бир этабы болгон айыздын келиши, айыз цикли тууралуу тиркеме болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө тиркеме ишке берилди. Кыздар Play Market же App Storeдон Oky Kyrgyzstan деп издеп, жүктөп алса болот. Бул тууралуу «Айкын багыт» коомдук фондунун долбоорлорунун программалык координатору Гүлзат Мукалиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ошондой эле тиркемеде айыз, айыз циклинен тышкары репрадуктивдүү ден соолук, айыз учурунда гигиеналык жактан өзүн кандай алып жүрүү керек, денесине кандай кам көрүү керек, бала менен кыздын айырмачылыктары тууралуу кенен маалымат камтылган.

«XXI кылым инновациялык технологиянын өнүккөн мезгили деп айтабыз. Бирок ошол эле мезгилде биз алып чыккан тема коомубузда дале жабык экен. Тиркемени ишке берерден мурун аймактарды кыдырып, өспүрүм кыздардын арасында сурамжылоо жүргүздүк. Айыз тууралуу сөз баштаганда эле аларда тартынуу, уялуу болуп жатты. Алар үчүн жабык тема, себеби апалары жактан эч кандай түшүндүрүү болгон эмес. Биз тиркемени 9 жаштан өйдө деп белгилеп алдык. Анткени ар кимдин организми ар кандай. Ошондуктан 9 жаштан 15 жашка чейин айыз келүүсү медиктер тарабынан бекитилген. Айыз тууралуу тиркеме Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз, орус тилдеринде чыгып жатат. Андан сырткары кыздар өзү тандап алган аватаркалар бар. Ал жардамчы болуп бере алат. Биздин тиркемеде алты фон каралып, аны да кыздар өзү тандап алышкан. Эгерде бир тиркемени жүктөп ала турган болсо, сөзсүз түрдө электрондук даректи, байланыш номерин, аты-жөнүн жазышы керек болот. Бул тиркемеде эч нерсе жазбаса да боло берет же атын өзгөртүп жазып алса да болот. Андан сырткары жашыруун суроо бар. Эгерде сыр сөздү унутуп калса, ошол суроого жооп берип, кайрадан кирсе болот», — деди Мукалиева.

Ошондой эле кыздарга да, апаларына да маалымат жеткирүү үчүн Tik-Tok сериал да даярдап жатышканын, анда ушул темадагы эне-баласы чагылдырыларын маалымдады. Андан сырткары бул сериалда гигиеналык каражаттарды кантип тандоо, кантип колдонуу тууралуу да түшүндүрмө камтыларын кошумчалады.

Анын айтымында, Oky тиркемеси учурда 13 өлкөдө иштеп жатат. Кыргызстандагы тиркеменин өзгөчөлүктөрү: атайын идентификациядан өткөн; кыздардан келген жалпы суроолорго жооптору медкызматкерлер, эксперттер тарабынан иштелип чыккан атайын энциклопедия бар; аны менен катар «чат-бот» бөлүгүнө кирип, кызыктырган суроолорго жооп алса, адистер менен маектешсе да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM