Биз менен байланышыңыз

«Топуракты азыктандырууда кыкты эмес, өсүмдүктүн өзүн пайдаланышыбыз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2023 | 823 | 0

Топуракты азыктандырууда кыкты эмес, өсүмдүктүн өзүн пайдаланышыбыз керек. Мындай пикирин окумуштуу-агроном Турусбек Асаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өсүмдүктөр жашыл жер семирткичтер деп саналат. Эрте жазда ылдам өсө турган өсүмдүктөрдү отургузуп, бир аз көтөрүлгөндөн кийин жерге айдаса, микроорганизмдердин өсүүсүнө жардам берип, нымдуулукту жакшы сактап, экологиялык таза азыктарды өндүрүүдө жардам берет.

«Бизде жашылча өндүрүп жаткан дыйкандардын көпчүлүгү химиялык жер семирткичтерди колдонгонду билбейт. Ар бир 10 күн сайын куртка каршы дарыны колдонушат. Бирок шарт боюнча мындай кылганга болбойт. Себеби биздин чачып жаткан уу дары өсүмдүктө калып калат. Бир ай мурун дарыны чачып, андан кийин колдонбоо керек. Ошол дарыны чачууда убакытка да көңүл бурулушу зарыл. Көпчүлүгү күндүн ысыгында дарыны колдонгону үчүн канчалаган адамдар ууланып жатат».

Анын айтымында, Кыргызстанда айыл чарбасына тиешеси жок адамдар бул тармакка келип жаткандыгы да буга себеп болууда. Бул көйгөйдү өкмөттө болобу же башка жактабы көтөрүп, кадр маселесине басым жасалбай жатат. Мурда Кыргызстанда атайын агроном адистер болгон. Химиялык заттарды канчалык деңгээлде кошуп, кайсы мезгилде колдонорун аныктап турган.

«Кыргызстандагы жашылча өстүргөн дыйкандардын көпчүлүгү жерди ижарага алып иштеткени үчүн биологиялык заттарга өтүүсү кыйын болуп жатат. Себеби «биринчи жылы жерди жакшы кылып койсом, кийинки жылы кожоюну алып коёт» деген түшүнүк бар. Экологиялык таза азыктарды өндүрөм деген болсо, атайын сертификациядан өтүүсү зарыл. Эгерде сугат суунун башында химиялык заттар менен иштеген адам болуп, таза азык өндүрөм деген жерге андан кийин суу бара турган болсо, экологиялык таза азык өндүрөт дегенге жатпайт. Ошондуктан мындай кадамга аймак менен өткөн жакшы натыйжа берет», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM