Биз менен байланышыңыз

«Жашылча-жемишке селитраны көп себүү адам өлүмүнө алып келүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2023 | 925 | 0

Учурда көпчүлүк аймактар химиялык заттарга тыюу салууга өтө баштады. Бирок «Анын ордуна эмне колдонобуз?» деген маселе келип чыгат. Топурактын курамындагы нормалдаштырылган экологиялык таза микроорганизмдерди топтоп бере турган азыктар азайып баратканы үчүн химиялык заттарды колдонуу зарылдыгы чыгууда. Бул тууралуу окумуштуу-агроном Турусбек Асаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«XIX кылымдын аягында аммиак селитрасы өсүмдүккө керек экенин аныкташкан. Мына ошондон баштап өндүрүмгө химиялык заттарды колдоно баштадык. Айрыкча XX кылымдын ичинде болуп көрбөгөндөй чоң өнүгүү болду. Буга адамдардын көбөйүшүнөн улам айыл чарба өсүмдүктөрүнө муктаждык жогорулап жатканы да себеп болду. Болжолдуу бир гектар жерден максималдуу түрдө көбүрөөк түшүм алуу зарылдыгы чыгып келет. Химиялык заттардан биринчи болуп дуст чыгарылып, аны ойлоп тапкан адамга Нобель сыйлыгы берилген. Муну курт-кумурскаларга каршы колдонуп келүүдөбүз. Бирок бир аз убакыттан кийин зыяндуулугу аныкталып чыккан», — деди Асаналиев.

Анын айтымында, айрым дыйкандар химиялык заттардан биологиялык заттарга басым жасашууда. Себеби жыл өткөн сайын химиялык заттардын баасы өсүп, дыйкандардын чөнтөгүнө күч келүүдө. Ошондуктан көпчүлүк дыйкандар биогумус жасай баштаган.

«Биздин дыйкандар бир гектар жерге 800 киллограмдан 2 тоннага чейинки аммиак селитрасын берип жатат. Бул түшүмдү көбөйткөнү менен өтө чоң зыянын тийгизүүдө. Эгерде азот жер семирткичин көп бере турган болсок, ошол өсүмдүктөрдө нитрат көп болот. Акыркы убакта дарбыз-коон жеген адамдар ооруканага түшүп, өлүм менен аяктаган учурлар да болуп жатат. Эгерде 200-300 киллограмдан азыраак дары берип, андан сырткары топуракка фосфор, калий деген жер семирткичтерди чогуу бергенде мындай көйгөй жаралмак эмес. Азоттук жер семирткичтерди көп колдонгондо эң биринчи кесепети боорго тийет. Боор ооруп баштаганда нерв ооруларын козгоп, акырында боорду алмаштырганга туура келип жатат. Мына ушул көйгөйдүн бардыгы адистин жоктугунан келип чыгат. Куртка каршы бир эле дарыны колдоно бергенде куртта да иммунитет пайда болот», — деп кошумчалады Асаналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM