Биз менен байланышыңыз

«4-5 жыл мурун 4500 микроавтобус каттамга чыкса, азыр 1500 унаа калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2023 | 1062 | 0

Азыр жол кире көтөрүлөт деп айтуу эртерээк. Болгону токтом долбоорун шаардык кеңешке киргизип, коомдук талкууга алып чыкканбыз. Эки ай мурун шаардык кеңештин кароосуна дифференциация боюнча токтом долбоорун киргизгенбиз. Бул эки долбоор чогуу өтө турган болсо, анда жол киренин баасы өзгөрбөйт. Электрондук тартипте азыркы тарифти эле төлөй беришет. Бул айдоочулардын ишин бир топ жеңилдетет. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

 

Ошол эле учурда кечки тариф деген түшүнүк киргизилген. Себеби түнкүсүн иштеген жарандар үчүн ыңгайлуулук түзүп берүү үчүн. Эсептөө иштерин жүргүзүп кечки тарифти 32 сом деп белгилеп алышкан.

«2021-жылы тарифти жогорулатканыбызда күйүүчү майдын баасы 40-42 сомдун тегерегинде болсо, азыр 76 сомдон ашты. Андан сырткары унаа тетиктин баалары да кескин кымбаттап кетти. Бул нерсе коомдук транспорт айдаган айдоочуларга кыйынчылык жаратууда», — деди Нусувалиев.

Анын айтымында, майыптардын, кичине балдардын, ардагерлердин жана кыргыз почтасынын кызматкерлеринин коомдук унаада акысыз жүрүү укугу сакталып кала берет.

«Бишкек шаарында 4-5 жыл мурун 4500 микроавтобус каттамга чыгып турган. Бүгүнкү күндө 1500 коомдук унаа бар. Ошол маселени чечүү максатында президенттин тапшырмасы менен автобус сатып алуу иштери жүрүп жатат. Биринчи этапта 120 автобус алынып келип, мамлекеттик номерлерди алгандан кийин гана ишке чыгат. Андан сырткары жыл ичинде дагы 124 автобус, 120 электробус келет», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM