Биз менен байланышыңыз

Мусулмандар бүгүн Рагаиб кечесин өткөрөт

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 462 | 0

Ислам дүйнөсүндө «Касиеттүү үч айлардын жарчысы» деп эсептелген Рагаиб кечеси бүгүн, 26-январдан 27-январга караган түнү өткөрүлөт.

Куттуу үч айлардан Ражаб айынын биринчи бейшемби күнүнөн жумага караган түнү белгиленген Рагаиб кечеси «ырайым-берекет кечеси» деп эсептелет.

Мухаммад пайгамбардын хадисинде: «Ражаб — Аллахтын, Шаабан — менин, Рамазан — үммөтүмдүн айы», — делинет.

Үч айдын кадырын билдирген дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – беш ыйык түндүн төртөөнүн ушул айларда болушу:

  1. Рагаиб Ражабдын биринчи жума түнү;
  2. Мираж түнү Ражабдын 27-түнү;
  3. Бараат түнү Шаабандын 15-түнү;
  4. Кадыр түн Рамазан айынын 27-түнү

Ражаб айы «таржиб» сөзүнөн алынып, «урмат, таазим» деген маанини билдирет. Алла Таала бул айга урмат көрсөтүп, орозо туткандардын, ибадат кылгандардын күнөөлөрүн кечирери айтылган Ислам дининде.

Рагаиб «өтө жактырылган, баалуу, кадырлуу» деген маанилерди туюнткан «рагиба» сөзүнүн көптүк түрү болуп саналат. Бул түнү Алла Таала жакшылыгын адамдарга жамгырдай жаадырары белгиленип өткөн. Ошол эле учурда бул түн «Рамазан айынын кабарчысы» катары каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM