Connect with us

Ооганстанда сууктан каза болгондордун саны 157ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 596 | 0

Ооганстанда катуу сууктан кеминде 157 адам каза тапты. Маалыматты «Талибан» өкмөтүнүн өкүлү тастыктаганын CNN (Cable News Network) телеканалы кабарлады.

«Акыркы жума ичиндеги ызгаар сууктан каза болгондордун саны эки эсеге көбөйдү», — деп белгилейт телеканал.

Буга чейин БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы Ооганстандын калкына 565 миң адамга эсептелген жууркан, жылыткыч жана башка суукка аралжы болор буюм-тайымдарды тарата баштаганын билдирген.

«Талибан» өкмөтүнүн Табигый кырсыктар менен күрөшүү министрлигинин өкүлү Шафиулла Рахими CNN телеканалына 70 миңге жакын мал-жандык кырылып калганын айткан.

Акыркы жылдарда Ооганстанда мынчалык катуу суук болбогону айтылууда. Январь айынын башында абанын температурасы -28 градуска түшүп кеткен. Азыркы тапта 0 градустан -5 градуска чейин суук болуп жатат. БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы Ооганстанда 30 миллионго жакын адам, тагыраагы, калктын үчтөн экиси жардамга муктаж экенин маалымдады.

Айта кетсек, Ооганстан электр энергиясын Түркмөнстан, Тажикстан жана Ирандан алат. Суукка байланыштуу ток жеткирүү үзгүлтүккө учураган. Акыркы эки күндөн бери «Талибан» өкмөтү менен Өзбекстан бийлиги энергия ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM