Биз менен байланышыңыз

Медициналык камсыздандыруу алган жарандардын укуктары жана милдеттери

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2023 | 588 | 0

2022-жылдын жыйынтыгы менен жалпы 7132 камсыздандыруу полиси алынган. Анын 6300ү Кыргызстандын, калганы чет өлкөнүн жарандары. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ошол эле учурда ар бир жаран сөзсүз түрдө камсыздандырылышы керек. Ал үчүн жан башына жылына 1504 сомдон туура келет. Мыйзам экинчи окууда каралса, түшүндүрүү иштери башталат.

«Медициналык камсыздандыруу системасы өлкөбүзгө 1997-жылдан баштап киргизилген. Бул мыйзам боюнча жарандарыбыз милдеттүү түрдө камсыздандырылып, медициналык кызматтарына жеңилдиктер киргизилет. Мыйзам милдеттүү болгону менен ушул убакытка чейин ыктыярдуу болуп келе жатат. Калктын 50% катмарына Финансы министрлиги жылына жан башына 150 сомдон бөлүп берет. Мамлекетибизде камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу мыйзам бар. Ошол мыйзам аркылуу иштеген жарандар үчүн иш берүүчү тарабынан ай сайын айлыгынан 2% өлчөмдө төлөшөт, жеке ишкерлер үчүн 10%, дыйкан чарба мүчөлөрүнө да камсыздандыруу төгүмдөрү бекитилген базалык ченемдер бар. Аларга да ошонун 10%ы келип түшөт», — деди Шабданов.

Ал кошумчалагандай, кайсы бир ооруканада көйгөй жаралса, жарандар «103» номерине кайрылса болот.

«Камсыздандыруу алган жарандар үчүн 11 базалык лабаратория, кошумча дары-дармек программасы бар. Саламаттыкты сактоо уюмдарына барган жарандарыбызга ар бир үй-бүлөлүк дарыгер рецепт жазып берет. Ошол жерде 50%дан кем эмес наркта дары-дармек алышат. Ал эми стационардык ооруканаларга барганда үч этаптагы кошумча төлөм бар. Ошонун орточо баасын гана беришет. Учурда 900 сом, калганын камсыздандыруу полиси толуктайт», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM