Биз менен байланышыңыз

Украинада согуштан качкандарга оор жаза берүү мыйзамы чыкты

Без рубрики | 25 Янв 2023 | 116 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштук буйруктарды аткарбаган, майдандан же аскер бөлүгүнөн качкан аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, согуштук буйруктарды аткарбагандар 3 жылдан 7 жылга чейин, согуштан качкандар (дезертир) 5 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ошондой эле бөлүгүнөн же кызмат ордунан өзүм билемдик менен кетип калгандар, майданды таштагандар же курал колдонуудан баш тарткандар 5 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет.

Буга чейин мыйзам долбоору сындалып, укук коргоочулар анын өтө тез кабыл алынганын айтып чыгышкан.

Украин армиясынын башкы колбашчысы Валерий Залужный демилгени колдоп, бул мыйзам аркылуу армия тартипке келерин баса белгиледи. Анын айтымында, буйрук аткарылбай калган айрым учурларда фронтто «кемтик» пайда болуп, аны аргасыз башка аскерлер менен толуктап жатышкандыктан армия көп жоготууга дуушар болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM