Биз менен байланышыңыз

ЖРТ сынагына кантип туура даярдануу керек?

Билим-маданият , Блог | 25 Янв 2023 | 2203 | 0

Орто мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн эң негизги көйгөйлөрүнүн бири: жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу. Жыл сайын өлкө аймагынан 40 миңден ашуун окуучу тапшырып, алардын ичинен 50-60%ы гана 110 упайлык босогодон өтүп, жогорку окуу жайларга тапшыруу укугуна ээ болушат. ЖРТ көйгөйлөрү, ага даярдануу ыкмалары жана башка ушул сыяктуу окуучуларды түйшөлткөн суроолорго мугалимдер Нуркалый Масалбеков менен Адилет Абдубачаев жооп беришти.

Марал: — ЖРТга кантип даярдануу керек жана даярдануу учурунда эмнелерге көңүл буруу керек?

Нуркалый Масалбеков: — Биринчиден, ар бир окуучунун максаты болушу керек жана кесибин туура тандоосу абзел. Андан кийин ошол адистиктин бюджеттик же контрактык бөлүмүнө өтүү үчүн канча упай керек экендигине анализ жүргүзүп, ойду бир багытка буруп, аракет кылышы керек. Азыркы учурда 11-класстардын максаты кесип тандоо эмес, ЖРТдан жогорку упай алуу болуп калды, бул — чоң көйгөй. ЖРТнын жыйынтыгы менен кесип тандабай, кесиптин негизинде ЖРТга даярдануу керек. Бүгүнкү күндө ата-энелер: «Балам жакшы упай алса, анан көрөбүз», — дешет, бул — туура эмес. Экинчи кадам, окуучу сыноо тестин тапшырып, өзүнүн алсыз жактарын көрүп, анализдеп, ошого жараша даярдыкты баштоосу керек. ЖРТга даярдануудагы эң маанилүүлөрү — ушулар.

Марал: — Тестирлөөдөгү кыргыз тили бөлүмүнө токтоло кетсеңиз?

Нуркалый Масалбеков: — Кыргыз тилинде жалпысынан төрт бөлүм бар: окшоштуктар, сүйлөмдү толуктоо, окуу жана түшүнүү, кыргыз тилинин грамматикасы. Төрт бөлүмдө жалпысынан 90 суроо болот. Кыргыз тили деген менен бул кыргыз тилдүүлөргө гана тиешелүү эмес. Биринчиден, китеп окуу керек.

Марал: — Китепти көп окуу керектигин айттыңыз. Кандай китептерди окуу керек? Айрым мугалимдер гезит-журналдардагы макаларды окууну сунушташат…

Нуркалый Масалбеков: — Алгач көркөм китептерди окуу керек. Китепти жөн эле окуп койбой, аны түшүнүп, автордун оюн табууга аракет кылып, анализдеп, талдап окуу зарыл. Андан кийин илимий-публицистикалык макалаларга өткөн туура болот. Жогоруда айтылгандарды эле окубастан, биологиялык, химиялык, физикалык тексттерди да жакшы окуу керек. ЖРТда маселен, биологиялык, химиялык же технология багытындагы текст келип калышы мүмкүн. А бала бир жыл даярданып, бирок андай тексттер менен тааныш эмес болсо, анда оор болот.

Марал: — ЖРТга даярдануу үчүн сөзсүз эле курстарга келип окуу шартпы?

Нуркалый Масалбеков: — Ар бир бала курска келип окуп кете албайт: кээ бир балдар өз алдынча окуганда жакшы түшүнүп, бат кабыл алат; айрым балдар бирөө айтып бергенде жакшы түшүнөт. Ошол себептен биз окутканда «курста окуп эле баарын билип, жогорку упай алам» деген түшүнүктөн алыс болуусун балдарга да, ата-энелерге да айтабыз. Биз үйрөтөбүз, калган аракет ар бир баланын өзүнүн колунда.

Марал: — Математикадан кантип даярдануу керек?

Адилет Абдубачаев: — Математикага даярданууда убакытка так болуу керек, дегеле ЖРТда убакытты үнөмдөө маанилүү. Даярданып жаткан учурда да убакытка кылдат мамиле жасап, ЖРТда отургандай иштегени дурус. Ошондой эле эсептерди жеңил жол менен чыгаруу ыкмаларын изилдөө оң натыйжа берет. А бүгүнкү күндө окуучулар геометрия сабагынан эсептерди чыгарууда кыйналып жатышат. Башка бөлүмдөргө караганда математиканын суроолору жеңилирээк. Жеңил дегенде «ушунчанчы жылы чыккан эрежеге таянып» деген сыяктуу пункттар жок. Анда касиет маанилүү. Албетте, жеңилдетилген эрежелер бар, бирок аларды жаттап албоо керек, жөн гана кайсыны кайда колдонуу керектигин түшүнүп алуу жетиштүү.

Марал: — ЖРТ сынагына киргенде окуучу өзүн кантип алып отуруусу керек?

Нуркалый Масалбеков: — ЖРТ сынагына жакын бала жакшылап эс алып, темаларды кайталашы керек. Эң негизгиси коркуп, өзүн жоготуп ийбеши зарыл. Мектепте мугалим сынак жаздырып жаткандай эле өзүн кенен алып отуруп, көңүлүн ошол сынакка гана бөлүшү керек. Кирип жатканда ашыкча нерселерди алып кирүүдөн алыс болуу керек. Анткени баланын көңүлү ошол жакка бурулуп кетет. Мисалы, кээде окуучулар эки-үч литр суу көтөрүп алышат, ал туура эмес. Сынак учурунда «ичип түгөтүүм керек» деп жатып, ой чачырап кетет. Сынактын алдында ар кандай ырым-жырымдарды жасоодон да алыс болууга чакырам. Анткени бала ошого ишенип алат. Ошондой эле убакытты башкарып, туура пайдаланып, ар бир суроону дыкат талдап, жообун ойлонуп белгилөөгө чакырам.

Адилет Абдубачаев: — Эң негизгиси, окуучу психологиялык жактан өзүн жоготпошу керек. Суроолорду толук окуп, түшүнгөндөн кийин гана жообун издөө керек. Азыркы учурда окуучулар убакытты үнөмдөйм деп, суроого көңүл бурбай, туура эмес жоопту белгилеп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондой эле жооп баракчасын белгилөөдө көңүл коюп толтуруу кажет. Анткени бир эле суроо нары-бери жылса, тесттеги жалпы суроолордун жообу жылып кетиши мүмкүн. «Башкалардан көчүрөм» деген ойдон да алыс болууга чакырам, ал — жөн гана азгырык. Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыгы менен окуучунун мектептеги билимин эч качан салыштырууга болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM