Биз менен байланышыңыз

Тыбытты, жүндү Европага экспорттогон ишкана ачылды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 488 | 0

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарында топоздун жүнүн, төөнүн чуудасын жана эчкинин тыбытын иштеткен «Кыргыз Кашемир» компаниясы ачылды.

Ишкана жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы була өндүрүүнү көздөп жатат. Анын арты менен кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу атаандаштыгын жогорулатууга аракеттер көрүлөт.

«Кыргыз Кашемир» ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн малчыларды, кыркымчыларды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын үйрөтөт. Компанияга жабдуулар USAIDдин беш жылдык «Конкурентүү ишкана» долбоорунун алкагында бериген.

«Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы дыйкандардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн да тыбыт чогулта алабыз», — дейт «Кыргыз Кашемир» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM