Биз менен байланышыңыз

Непалда учак кулап, ичиндеги 72 адам бүт көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 324 | 0

Непалда кыйраган учактын учкучу «жагымсыз нерсе болору» тууралуу айтпаганын Yeti Airlines авиакомпаниясынын басма сөз катчысы билдирди.

Жекшемби күнү Катмандудан Покхар туристтик шаарына бараткан Yeti Airlines авиакомпаниясына таандык ATR-72 учагы кырсыкка учураган. Учакта 68 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү болгон.

«Күн ачык болуп, мээлүүн жел жүрүп турган. Бул жерде аба ырайы боюнча маселе жок», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүнчүлөрдүн уюлдук телефонунан табылган тасмалардан учактын аэропортко жакындап калганда катуу тоголонуп кетип, аэропорттон бир чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан капчыгайдагы Сети дарыясынын жээгине токтоп калганын көрүүгө болот.

«68 адамдын сөөгүн таптык, калган төртөө да изделип жатат», — деген Такси районундагы башкы аймактык офицер жергиликтүү басылмаларга.

Жүргүнчүлөрдүн 53ү непалдык болгон. Андан тышкары учакта беш индиялык, төрт орусиялык жана эки кореялык, бир ирландиялык, бир австралиялык, бир аргентиналык, бир франциялык жаран болгон.

Буга байланыштуу Непалдын премьер-министри иликтөөчү комиссия түзүп, бүгүн, 16-январда аза күтүү күнүн жарыялады.

Айта кетсек, учак коно турган Покхар шаарындагы жаңы аэропорттун ачылышы мындан он беш күн мурун эле жасалган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM