Биз менен байланышыңыз

Акаев: Кылмыштуу топторду коом да жектеши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2023 | 547 | 0

Буга чейинки чакырылышта Ички иштер министрлиги парламент жыйынында депутаттардын арасында да кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүргөндөр, кызмат адамдары бар экенин ачык айткан. Азыр да тандоону элге коюшубуз керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Биз эрежесиз мушташ деп муунтуп, кан жалаткандын баарын өлкө жетекчилигинин деңгээлине чейин чыгарып алдык. Жаштардын баары ошолорду жапатырмак колдоп, тосуп алып, социалдык тармактар аркылуу жазып, түз эфирлерин көрүп жатышат. Көпчүлүк учурда аймактагы жаштардын арасында «ушундай болсок ийгиликтүү, эл көзүндөгү адам болот экенбиз» деген жаңылыш пикирлер пайда болуп калган учурлар жок эмес. Ички иштер министрлиги алып келген уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча катаалдаткан мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүп, экинчи окууга даярдалууда. Себеби бир аз кемчиликтери болгону үчүн биз аны артка кайтарганбыз. ИИМ көпчүлүк учурда өзүнүн милдетин аткарат. Алар: «Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн баары камалууда, бирок соттор коё берүүдө», — деген маалыматты берип жатышат», — дейт Акаев.

Анын айтымында, чиновниктер, депутаттар же коомдук ишмерлер криминалдар менен сыймыктанарын билдиришсе, анда элдин аң-сезимин ойгото албайбыз. Тескерисинче, аларды бирөөнүн адал эмгек менен тапкан акчасын тартып алган, кара ниет, билимсиз адам катары аларды жектеп турушубуз керек.

«Азыркы учурда ИИМ алып келген мыйзам жетиштүү эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн узак мөөнөткө жоопко тартууга, аларды жеңил жаза берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мыйзамдар жетиштүү, болгону саясий эрк керек. Билгенибиздей эле 2010-жылда Роза Отунбаева президент болгондон кийин уюшкан кылмышттуу топтор Кыргызстанда калбай калган. Грузияда да бийлик алмашкандан кийин кылмыштуу топтор башка өлкөлөргө качкан. Ошондуктан катаал жазаларды киргизүү бийликтин иши. Ал эми коомчулук, активисттер жана биз аларды тескери каармандар катары сүрөттөп турушубуз керек», — деп кошумчалады депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM