Биз менен байланышыңыз

Путин Украинадагы «атайын аскердик операциянын» жүрүшүн оң баалады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 401 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин «Россия-1» телеканалында Украинадагы «атайын аскердик операциянын» динамикасына кандай баа берери тууралуу айтты.

«Динамикасы оң. Баары Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын планынын алкагында кетип жатат. Биздин аскерлер дагы бир жолу күжүрмөн иштин жыйынтыгы менен бизди кубандырат деп үмүттөнөм», — деди Путин.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Соледар шаарын 12-январдын кечинде алганын жарыялаган.

14-январда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик башкаруу системасына жана ага байланыштуу энергетика объекттерине ракеталык сокку урулганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM