Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы: импорттук товарлардын бажы наркын төмөндөтүү фактылары аныкталды

Кыска кабар | 15 Янв 2023 | 349 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери товарлардын бажы наркын төмөндөтүү фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «IS» ЖЧКнын дарегине келип түшкөн тамак-аш азыктарынын бажы наркын экспорттоочунун товардык-транспорттук документтерин алмаштыруу жолу менен төмөндөтүү фактысын аныкталды. Факт соода агымына жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун жыйынтыгында, ошондой эле Европа Биримдигинин өлкөсүнөн алынган бажы документтеринин негизинде аныкталган.

Экспорттоочу өлкөнүн маалыматтары боюнча, 2020-2021-жылдары «IS» ЖЧКга бир млн. евродон ашык суммага товарлар экспорттолгон, бул жүз млн сомдон ашык суммага барабар, бирок, Кыргызстандын бажы органдарында бул товарлардын жалпы суммасы он эки жарым млн сомду түзгөн.

Товарлардын наркын мыйзамсыз төмөндөтүүнүн натыйжасында экспорттоочунун экспорттук бажы декларациялары менен алуучунун бажы декларациялары боюнча маалыматтарды салыштырууда төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 18 млн 442 миң 943 сомду түзгөн.

Материалдар КБР АДС МКЖга катталып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM