Биз менен байланышыңыз

Орто-Сай базарында жашылча жемиш саткан аянтчада өрт чыкты

Кыска кабар | 15 Янв 2023 | 380 | 0

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарында 15-январда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базарда өрт чыккандыгы тууралуу министрликке саат 2:38дер чамасында маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү кызматы тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен аянты 180 чарчы метр болгон жашылча жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн.

«Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган», — деп белгилешти ӨКМден.

Тилсиз жоо таңкы саат 5:10до толугу менен өчүрүлдү. Анын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM