Connect with us

Apple компаниясынын жетекчиси Тим Куктун айлыгы 40%га кыскарат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 494 | 0

Apple компаниясынын аткаруучу директору Тим Куктун жылдык маянасы 40%га кыскарат. Билдирүү компаниянын расмий сайтына чыгарылды.

2022-жылы компаниянын таратуу чөйрөсүндөгү көйгөйгө жана дүйнөдөгү экономикалык кризиске байланыштуу акциялары кескин төмөндөп кеткен. Буга байланыштуу Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук акционерлердин кескин сынына кабылган. Андан соң Тим Кук өзүнүн жылдык акысын кыскартууну чечкен.

Компаниянын кенемте комитети 2023-жылга карата Тим Кук үчүн 49 млн доллар «максаттуу кенемте» чегерди.

«Кенемте комитети акционерлердин пикирлерин, Apple компаниясынын ишмердигин жана Кук мырзанын жеке пикирин эске алып, ушундай чечимге келдик», — деп айтылат Apple компаниясынын АКШнын каржы көзөмөл органына берген арызында.

2022-жылы компания ага 75 млн доллар акция берген, анын жарымы Appleдин фондулук базардагы ишмердигинин негизинде төлөнгөн.

Быйылкы жылы бул акция 40 млн долларга чейин кыскартылды.

Куктун 2022-жылга кенемтеси 84 миллион доллар, ал эми эмгек акысы 99,4 млн доллар болгон. Мунун 630 миң 600 долларын жеке коопсуздугу үчүн, 712 миң 500 долларын жеке учагы үчүн жумшаган.

Өткөн жылы Apple акционерлерин алдыңкы инвестор-кеңешчи топ Тим Куктун эмгек акы топтомуна каршы добуш берүүгө үндөгөн.

Institutional Shareholder Services (ISS) Куктун айлыгы Apple компаниясынын кызматкеринин айлыгынан 1447 эсе көп экенин билдирди.

Тим Кук 2011-жылдын август айында компаниянын негиздөөчүсү Стив Жобс каза болордон бир нече жума мурда башкы директорлукка дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM