Биз менен байланышыңыз

Электрондук товардык-транспорттук коштомо баанын жогорулашына таасирин тийгизеби?

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2023 | 565 | 0

Электрондук товардык-транспорттук коштомо баанын жогорулашына эч кандай таасирин тийгизбейт. Болгону кимден эмне алганына, канча алганына, каякка сатканына байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Салык кызматынын товарларга байкоо жүргүзүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору Курсантбек Тогузбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Электрондук товардык-транспорттук коштомо 2009-жылдын 29-майында Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашуунун негизинде иштелип чыгып, 2022-жылдын 4-апрелинде Министрлер кабинетинин №220 токтомунда бекитилген. Электрондук товардык-транспорттук коштомонун негизги максаты көмүскөдөгү бизнести чыгаруу, аткезчиликти азайтуу, бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүү болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө биздин маалыматтык системага 22 миң 284 жеке ишкер жана бир катар мекемелер катталды. Виртуалдык кампанын саны болсо, 27 миң 476, 1311 электрондук товардык-транспорттук коштомо жазылды. Бул — 2022-жылдын 15-майынан берки көрсөткүчү», — дейт улук инспектор Курсантбек Тогузбаев.

Анын айтымында, ТТК — дүң саткан учурда гана жазылып, дааналап сатканда жазылбайт. Көзөмөл-кассалык машинадан чыккан чектин негизинде эле виртуалдык кампадан ал товарды өчүрүп койсо болот.

Ал 2022-жылдын башынан баштап, ар бир облуста ишкерлерге жеринде маалыматтар берилгенин, азыркы учурга чейин түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

«Соодагерлер 8 миллиондук чектен бат эле өтүп кетишет. «Дордой-Дыйкан» базарындагылардын жылдык кирешеси 50-100 миллион сомду түзөт. Булардын негизги көйгөйү кирешебизди көрүп алышат деген маселе болуп жатат. Буга чейин патент менен иштеп көнүп калышкан. Бирок кирешеде патент менен иштөө мыйзамсыз болуп калат. Азыркы учурда бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөдө кымбаттоо сезилип жатат. Ал эми аймактарда товар жеткирүү кыйынчылыгы жаралбайт. Мурда кандай жетип жаткан болсо, ошондой эле жете берет. Болгону электрондук-транспорттук коштомо менен. Ал эми техникалык мүчүлүштүктөр боюнча биздин расмий сайтыбызда, Телеграм-каналында атайын тайпабыз бар. Бухгалтерлер менен чогуу ар кандай түшүнбөгөн суроолорго, маселелерге ошол жерден кызматкерлерибиз жооп берет», — деп кошумчалады Тогузбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM