Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ТИМи Украинадагы боз үй боюнча комментарий берди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 372 | 0

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Украинанын Буча шаарындагы «бузулбас боз үйдү» орнотуу боюнча Орусиянын тышкы иштер министрлигинин Казакстанга карата дооматтарына комментарий берди. Спикердин айтымында, бул жеке демилге болчу, аны казак тарап эч кандай көйгөй катары көрбөйт.

«Боз үй — бул көчмөндөрдүн салттуу турак-жайы, аны чогултуу жана жаңы жерге көчүрүү оңой. Боз үй экологиялык жактан таза, ошондуктан казакстандык бизнесмендердин тандоосу турак-жайдын бул түрүнө туура келген. Бул — украин элине жардам берүүнү чечкен казакстандык меценаттардын жеке демилгеси. Комментарий да бере албайбыз, тыюу да сала албайбыз. Элчилик буга катышкан жок», — деди Айбек Смадияров.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү меценаттардын акциясынан айыптуу эч нерсе көрбөгөнүн баса белгилеп, өлкөсүндө 300 миңге жакын украин жашай турганын, Украинада да казак диаспорасы бар экенин эске салды. Казак жана украин элдери көптөн бери мамиле түзүп, бири-бирине жардам берип келишет.

«Бул жерде эч кандай көйгөй көргөн жокпуз, боз үй үй катары эсептелинет. Биз боз үйүбүз бар экенине сыймыктанабыз», – деп жыйынтыктаган Айбек Смадияров.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын Бучасында «бузулбас боз үйдүн» орнотулушу боюнча комментарий берген. Ал Казакстандын Тышкы иштер министрлигин бул маселе боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, Орусия-Казакстан стратегиялык өнөктөштүгүнө зыян келтирбөө үчүн бул теманы андан ары ачпоого чакырган.

«Бузулбас боз үйдү» Буча шаарына казакстандык бизнесмендер жана диаспоранын өкүлдөрү орнотушкан. Бул жерде шаардын жашоочулары электрондук шаймандарын кубаттап, ошол эле учурда жылынып алышса да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM