Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу полисин алган айдоочулардын кандай укук, милдеттери бар?

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2023 | 1224 | 0

«Камсыздандыруу полиси жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылы күчүнө кирген. Бирок кандайдыр бир себептен улам токтом аткарылбай келген. 2022-жылы бул мыйзамдын толук иштеп кетиши үчүн укуктук-ченемдик актылардын эки топтому дайындалды. Бирөө 2022-жылдын март айында, экинчиси ноябрь айында бекитилди. Ошол эки укуктук-ченемдик акты күчүнө кирип, анын негизинде мыйзамдын толук иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы Азат Сапарбек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Бул мыйзамды көпчүлүгү туура эмес түшүнүп жатат. Негизи бул «автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жол кырсыгы болуп, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна, же болбосо мүлкүнө зыян келтирилген маалда унаа ээсинин укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу» деген нерсени билдирет. Тактап айтканда, унаа аркылуу сиз өзүңүздүн эле эмес, үчүнчү тараптын жоопкерчилигин кошо алган болосуз. Көпчүлүк муну салык жыйымдар менен алмаштырып жатышат. Салык жыйымдар мамлекет тарабынан өндүрүлүүчү кайтарымсыз акча каражаты болуп эсептелет. Ал эми сиз камсыздандыруу полисин алган күндөн тарта өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди башкалардын алдында камсыздап койгон болосуз. Камсыздандыруу полисин алган адам кокустан бир кырсыкка учураса, жабырлануучу тарапка келтирилген чыгымдардын ордун сизди камсыздандыруу компаниясы толугу менен төлөп берет».

Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкөдөгү жол кырсыктардын 88%ы айдоочулардын күнөөсүнөн болот экен. Эгерде таксист унааны сүзүп алса, келтирилген чыгымдын баарын өзү жабышы керек болуп калат. Жөнөкөй бир таксист аны төлөшү үчүн карызга акча алуусуна туура келет. Ал эми жеңил унаанын айдоочусу бир жылга 2000-2500 сомдун тегерегинде камсыздандыруу полисин алып, кырсыкка учурап калса, компания бардык чыгымын жаап берет.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда он беш камсыздандыруу компаниясы бар. Анын ичинен бирөө мамлекетке караса, калганы жеке компаниялар. Анын ичинде унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө лицензия алган он компания бар. Алар мыйзамдын алкагында жарандарга камсыздандыруу полисин берүү боюнча иш алып барып жатышат. Биздин финансы көзөмөлүнүн сайтында даректери, телефон номерлери жазылган. Жарандар түзмө-түз камсыздандыруу компанияларына кайрылып кененирээк маалымат алса болот. Ал жакта атайын адистер бекитилген», — деп кошумчалады бөлүм башчы.

Камсыздандыруу төгүмдөрү 2022-жылдын 4-мартында Министрлер кабинети кабыл алган №107 токтом менен бекитилген. Ал жерде канча өлчөмдө сумма төлөп берилери так-даана жазылган.

  • Жабырлануучу каза тапса, 300 миң сомго чейин;
  • Эгерде жабырлануучу ошол кырсыктан биринчи топтогу майып болуп калса, 200 миң сомго чейин;
  • Экинчи топтогу майып болуп калса, 150 миң сомго чейин;
  • Үчүнчү топтогу майып болуп калса, 100 миң сомго чейин;
  • Дары-дармек гана алышы керек болсо, 100 миң сомго чейин төлөнүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM