Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда иштеп турган 12 лыжа база бар. Алар кайсы жакта жайгашкан?

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Янв 2023 | 892 | 0

Кыргызстан боюнча иштеп турган 12 лыжа база бар. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Абдисаит Каримбеков “Маралдын” эфиринде билдирди.

“Азыркы учурда Кыргызстан боюнча иштеп турган 12 база бар. Анын бирөөсү гана Караколдо, калган 11 база Чүй облусунда жайгашкан. Эң алыс дегенде Төө-Ашууда, ал дагы жумасына төрт жолу иштейт. Калган дээрлик көпчүлүгү Бишкектин тегерегинде жайгашып, эң алысы 100 км жана эң жакыны 25 км”, — дейт фонддун вице-президенти.

Анын айтымында пандемия учурунда туризм Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө солгундап кетти. 2019-жылы анык бир деңгээлдеги көрсөткүчкө чыкса, 2020-жылы таптакыр жок болду. 2021-жылда 15%-20% гана калыбына келип, быйылкы жылы бир топ алдыда.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Абдисаит Каримбеков белгилегендей, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 1 миллиард сом менен түзүлгөн жеке компания. Ачык акционердик коом болуп, бизнес структуралары менен иштегенге шарт түзүлгөн өкмөттүн алгачкы кадамы.

“Биздин иштегенибизге 9-10 ай болуп, жарым жыл аналитика менен болдук. Кайсы тармакка колдоо көрсөтүш керек, кайсы жагы ыңгайлуу болорун карап чыктык. Бүгүнкү күндө өзүбүз  иштеп, өкмөт менен бирге ишке ашырууга бел байлаган 40 долбоорубуз бар. Анын ичинде алты чоң мега долбоордун ичинде Оруу-Сай эс алуучу базасынын тегерегинде долбоор жазып жатабыз. Азыркы учурда мамлекет тарабынан көп тармактарга атайын насыялар берилип келет. Биз дагы туризм тармагында кэмпингдерди куруу үчүн насыя берүүнү баштайлы деп жатабыз. Муну ушул жылдын жай айларында ишке киргизебиз”, — деп кошумчалаган Каримбеков.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM