Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу идеясы 55 жыл мурун башталган»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Янв 2023 | 546 | 0

«Бул ГЭСти курабыз дегенден бери 55 жыл өтүп кетиптир. Буга чейин Казакстан, Россия баш тартышкан. Кыргызстан бул долбоорду өзү жалгыз ишке ашыра албайт». Мындай пикирин энергетика боюнча серепчи Эрнест Карыбеков “Маралдын” эфиринде билдирди.

Серепчинин айтымында, долбоордун баасы 5 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Ал эми насыяга куруу жагын Эл аралык институттар эсептеп чыгышкан.

«Биз насыяны кайра кайтарып бериш үчүн электр энергияны 10 сомдон сатууга туура келет экен. Бирок Орто Азияда элект энергиясына андай баа жок. Эми үчүнчү жолу үч мамлекет менен куралы деп жатабыз. Ошондуктан азырынча бул долбоор боюнча так сандарды, башкаруу боюнча айтууга эртелик кылат».

Эл аралык мыйзамдар боюнча жер жүзүндө транс чек аралык дарыяларды тең бөлүштүрүп алышыбыз керек. Азыркы учурда Кыргызстан Нарын дарыясына ээлик кылып, Өзбекстанга өткөндө Сырдарыя болуп калат. Биз 2% гана сугатка пайдаланып, ошол сууну тосуп алууга шартыбыз жок. Азыр үч мамлекет жол картасына кол коюшту. Эми ага ким канча каражат сарптайт, Кыргызстан каражат менен киреби же инфраструктура, жерибиз, суубуз менен кирерибиз, сууну кандай бөлүшөрүбүз келишимде каралат. Келишим бүткөндөн кийин, үч мамлекеттин парламентинде ратификациядан өтөт. Бул долбоордун жакынкы аралыкта ишке ашуусу кыйын, себеби каржы тарабынан кыйынчылык жаралат”, — дейт эксперт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM