Биз менен байланышыңыз

Камбар-Ата-1 ГЭСи: Кыргызстан долбоордун 34 пайызына ээлик кылат

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Янв 2023 | 482 | 0

«Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстан үчүн саясий, экономика жана социалдык жагынан да чоң мааниге ээ болуп келген. 1978-жылдан бери Орто Азиядагы эң чоң ири энергетикалык долбоор болуп келе жатат. Ошол жылы Ташкент гидропроектте Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык долбоору иштелип чыккан». Бул тууралуу энергетика боюнча серепчи Расул Үмбеталиев “Маралдын” эфиринде билдирди.

“Буга чейин коңшу Өзбекстан менен Казакстан мамлекети бул долбоорго каршы чыгып келишкен. 2017-жылы 5-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев долбоорго макулдугун берген. Ага чейин 2012-жылдын 20-сентябрында Россиянын президенти Владимир Путин келгенде Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сөз болгон. Тилекке каршы бул долбоор ишке ашпай калды. Ушул жылдын 6-январында үч мамлекеттин энергетика министрлиги жол картасына кол коюшту. Биз ГЭСти курбасак келечегибиз бүдөмүк болуп калат. Себеби биздин ишенген байлыгыбыз суу энергетикасы. Бул боюнча 8-январда президент Садыр Жапаров да кайрылуу жасады. Ал жерде жашыл экономика жөнүндө сөз кылып, энергетика долбоорлоруна басым жасап айтты. Биринчиден, жашыл экономиканы өндүрүү, экинчиден ошол жашыл экономиканын негизинде энергетика долбоорун ишке ашырып, тышкы карыздардан кутулсак болорун белгилеп кетти” – дейт серепчи.

Анын айтымында бул долбоорго 34% Кыргызстан, 33% Өзбекстан жана 33% Казакстан ээлик кылат.

«Саясий жагынан караганда электр энергиясын өндүрүүдөн мурун, коңшулар үчүн эң негизги максат сугат суу маселеси. Бул долбоорду Кыргызстан 51% ээлесе гана ишке ашырса болот. Бирок коңшу эки өлкөнүн негизги максаты сугат маселеси болгон үчүн, алар биригип 66% түзүп калат. Мунун натыйжасында өзүбүздүн суу энергетикасындагы көйгөйлөрдү чече албай калабыз», — деп кошумчалаган эксперт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM