Биз менен байланышыңыз

12 жылдык билим берүү системасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2022 | 1207 | 0

12 жылдык билим берүү системасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул туралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов “Маралдын” эфиринде билдирди.

“12 жылдык окуу боюнча аябай чоң талаш-тартыш болуп жатат. Айрымдар керек деп жатса, башкалары четке кагууда. Бирок даярдоо классын кошкондо 12 жыл окушат. Кээ бир ата-энелер балдарын даярдоо классына бербей эле, 1-класска барса болот деген ойдо. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери 12 жылдык окуу боюнча изилдөөлөрдүн үстүндө иштеп жатат. Булар жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Чет өлкөдө окуп жаткан студенттерибиз ушундай талап менен кайрылышкан. Дүйнө жүзү боюнча 136 мамлекет ушул системага өткөн. Бүгүнкү күндүн талабы, бул нерсени пилоттук түрдө болсо дагы киргизишибиз керек”, — дейт министр.

Анын айтымында 1-класстын мугалимдери тарабынан да сунуш түшүп жатат. Себеби 1-класска келген балдардын кээ бири даярдоо классына барса, башкасы даярдоо курсуна же такыр эле эч жерге барбай туруп келишет. Бул окуткан мугалимге кыйыныраак болот. 1-класста негизгиси социалдык калыптандыруу, мугалимдин сөзүн угуу, балдар менен чогуу иштөө көндүмүн калыптандырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM