Биз менен байланышыңыз

«Коопсуздук кызматын системалык өзгөртүү керек»

Саясат | 20 Дек 2022 | 750 | 0

20-декабрь Улуттук коопсуздук комитетинин түзүлгөн күнү. 1917-жылы ушул күнү жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы болуп түзүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.

105 жыл мурун түзүлгөн бул мамлекеттик орган өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыздап келет. Уюм түзүлгөн жылдары контрреволюциялык аракеттерге жана басмачыларга каршы күрөшүү максаты биринчи орунда болгон.

Анын курамында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Терроризмге каршы күрөшүү борбору, Мамлекеттик сакчы кызматы жана Чек ара кызматы бар.

Өлкө башчы Садыр Жапаров бул күнү коопсуздук кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо жолдоп, бийлик ыкчам өзгөрүп жаткан мезгилдин чакырыктарына каршы туруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, кызматкерлерди социалдык жактан колдоону колго алганын билдирди.

Өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономикабыздын өнүгүшүнө, элдин турмуш-шартынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан улам, экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы зарыл деп эсептейм.

Мамлекетибиздин бейпилдигин камсыздоого ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып келген, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга бүт өмүрүн арнаган ардагерлерге дагы ыраазычылыгымды билдире кетейин”, — деди Жапаров.

Улуттук коопсуздук кызматына карата акыркы жылдары сын күч алды. Бул кызматтын укуругу узарып, укук бузууларга көп барат дегендер арбын.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков аталган кымзаттын коопсуздукту сактоодогу орду зор экенин айтат. Ошол эле учурда айрым кызматкерлердин укугун ашыкча пайдаланганы Атайын кызматтын атына көө жаап коет.

«Улуттук коопсуздук кызматы түзүлгөнүнө 105 жылдай болуп калды. Бул убакытта ар кандай окуялар болуп, ар түрдүү жетекчилер кызмат кылып, ак жана кара мезгилдер өттү. Бирок кандай учур болбосун, мамлекеттин коопсуздугу, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн анын түзүлүшүндө дайыма жооптуу негизги орган болуп эсептелет», — деди Медетбеков.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиевдин пикиринде, бул комитеттен айрым кызматтарды алып, улуттук коопсуздукту гана камсыздай турган орган кылуу керек.

Себеби УКМК ашыкча саясатташып кеткенин жүйө келтирди.

“Улуттук коопсуздук системасы, күч түзүмдөрүнүн баары эле абдан саясатташып кеткен. Биздеги үч революция ошол үчүн болду, так маалымат бербей. Мисалы, комитеттин жетекчилерин эле алып көрсөк, бирөөсүнүн дагы аягы жакшылык менен бүткөн жок. Эгемендүүлүктү алгандан бери бүт баары камалып чыкты. Бул эмне дегенди билдирет? Бул — системалык адам укуктарын бузуу болуп эсептелет. Ошондуктан системаны өзгөртүш керек деп мен башынан айткам. Монополияны аларга бербей, саясатташтырбашыбыз керек», — дейт Суваналиев.

Атайын кызматтын ишин сындагандар жарандык коомдо да бар. Айрыкча УКМКнын журналисттерди аңдып, ар кандай коркутуу ыкмаларын колдонгону нааразычылык пайда кылган.

Ишкер, жарандык активист Тилек Токтогазиев коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктарын кыскартып, чалгындоо кызматын гана тапшыруу керек деп эсептейт. Ал коопсуздук комитети өз укуктарынан аша чапкан иш аракеттерге барганын айтты.

“Менин оюмча УКМК өз функцияларынан аша чаап кетти. Азыр комитет мамлекет ичинде өзүнчө бир мамлекет болуп алды. Өзүнүн бюджети, армиясы, бүт параллелдүү структуралары бар. Менимче, УКМКнын азыркы структурасын жоюп салып, бир гана чалгындоо кызматын калтырыш керек. УКМК бул баягы Союз кезиндеги НКВДдан калган мурас болуп калган. Эгерде биз жаңы коом, жаңы Кыргызстанды курабыз десек коммунизмден калган мурастардын баарынан баш тартышыбыз кажет”, — деди Токтогазиев.

Коопсуздук комитетин Жогорку Кеңештин депутаттары да сындап, эл өкүлдөрүн коркуткан учурларын айтышат. Укуругу узун кызмат буга так жооп берген эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти учурда Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал бул кызматка 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган. Акыркы жылдары УКМКнын кызматкерлерине турак жай салынып, мекеменин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM