Бүгүн президент Садыр Жапаров жарлык менен чакырткан элдик курултайдын биринчи жыйыны өттү. Анда аймактардагы көйгөйлүү маселелер, бийликтин жасаган иштери каралды. Курултайга өлкөнүн 7 дубанынан, эки ири шаарынан, чет жердеги диаспоралардан жана диний мекемелерден өкүлдөр катышты.
Элдик курултайга өлкөнүн 452 айыл өкмөтүнөн экиден, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, эмгек мигранттарынан 28, конфессиялык уюмдардан 10 өкүл шайланып келген. Анын 924ү эркек жана 148и аял.
Жыйынды курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачып, ага президент Садыр Жапаров, парламент депутаттары, Министрлер кабинетинин толук курамы, прокуратура жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Элдик курултайдын тартиби мыйзамда карала элек. Бул боюнча мыйзам долбоору буга чейин парламенттин кароосуна кирип, колдоо таппай артка кайтарылган. Бирок президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен 2022-жылдын 15-августунда курултай чакырган.
Өлкө башчы Курултайда өзүнүн жасаган иштерин даректүү тасма деп атаган тасманы делегаттардын назарына сунуштады. Анда бийликке келген эки жыл ичинде жасаган иштери тууралуу баяндалып, экономикалык өнүгүү, социалдык курулуштар тууралуу айтылды. Жапаров өзү курултайдын маанисине, өлкөнүн келечеги жөнүндө кеп козгоду.
«Ата-бабаларыбыз эл-журтту башкаруунун өзөгү биримдикте, калыстыкта деп билген. Ошол бабалар доорунан мурасталган эл-журтту башкаруунун ары адилеттүү, ары салттуу жана нарктуу институту – бул Курултай. Бүгүнкү күнү Курултай элибиздин тарыхый мурасына төп келген коомдук-саясий институт катары жаңы Конституциябыз аркылуу өз макамына ээ болду. Демек, Элдик Курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун чыңдоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктардын айланасында коомду бириктирүүгө көмөктөшөт», — деди Садыр Жапаров.
Тартипке ылайык, алгач 9 өкүлдөн турган Эсептөө комиссиясы жана анын төрагалыгына Талас облусунан мандатка ээ болуп келген Айдар Момунтаевдин талапкерлиги жактырылып, бир добуштан колдоо тапты. Андан соң 21 өкүлдөн турган Аксакалдар Кеңешине талапкерлер сунушталып, анын төрагалыгына Кадыр Кошалиев шайланды.
Арада Нарын облусунан келген өкүл сунуш кийирип, аксакалдар кеңешине өзүнүн талапкерлигин сунуштады. Бирок ал колдоо тапкан жок.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара көйгөйү, өзүн сындагандар, сөз эркиндиги, демократия тууралуу айтты.
Жапаров Кыргызстанда демократия өнүгүп жатканын белгилеп, бирок өлкө ичиндеги эл биримдигин, ынтымагын бекемдөөдө Курултайдын делегаттарынан жардам сурады.
«Мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана салык төлөө милдети. Чек арага байланышкан маселелерди чечүү жолундабыз. Коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашыбыз керек. XXI кылымда технология өнүккөнүнө карабастан, үй-бүлөлүк баалуулуктар, элдин ынтымагы, биримдиги улутубуздун өзгөчөлүгүн сактап калууга жардам берет. Биздин мамлекет адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар үчүн ар дайым күрөшүп келген жана мындан ары да күрөшөт. Элдин максаты бир болгондо гана тоскоолдуктар жоюлат. Элдин ынтымагы бекем болсо, өлкөбүз тоодой бекем болот», — деди Жапаров.
Андан соң күн тартибине ылайык, жарыш сөз башталып, делегаттар өздөрүнүн аймагындагы жана өлкөдөгү маанилүү делген көйгөйлөрдү айтышты.
Баткен облусунан делегат болуп келген мугалим Гапыр Мадаминов чек ара көйгөйүн көтөрүп, мамлекет көрүп жаткан аракеттер жетишсиз болуп жатканын белгиледи.
«Биз, балдарыбыз, окуучуларыбыз, боюнда бар келиндерибиз, элибиз «эртең ок атылбай таң атар бекен», «түндө чоочуп ойгонбосо экен» деп турабыз. Бул өтө чоң маселе. Ошончо кам көргөнүнө биз шүгүр кылышыбыз керек. Бирок Алла Пугачеванын ырында айтмакчы, «этого мало» болуп жатат», — деди Мадаминов.
Мадаминов дагы жакшыраак кам көрүлбөсө, чек ара тилкелерине жакын айылдардын тургундары көчүп же миграция менен кетип жатканын айтат. Ал муну чечүү үчүн сунуш айтып, Лейлек районундагы каналдарга суу сактагычтарды куруп, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө болорун билдирди.
Ал эми Кара-Суу районунан делегат болуп шайланып келген мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева жарыш сөздө саясий абалды, министрлер кабинетинин төрагасын сындап, башкаруу системасын өзгөртүү керектигин сунуштады.
Жолдошеванын президенттик башкарууну сындаганына айрым делегаттар каршылыгын билдирсе, айрымдары колдоп, кол чаап турду.
«Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө да, кимиси болбосун, президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат. Ошол үчүн биздин өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу системасына өтүшүбүз зарыл. Бул маселеге кайрылып келиш керек, урматтуу Садыр Нуркожоевич. Анткени сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат? Бул бир маселе. Дагы бир нерсе айтып коеюн: «Камбар-Ата-1» ГЭСин, урматтуу Акылбек Үсөнбекович, бул жерде сүйлөп кеттиңиз, «балким кошуна өлкөлөр менен салабыз» деп. Билесиз да, сиз кайсы бийлик менен гана иштеген жоксуз. Канча президентти кетирдиңиз?» — деп сынга алды Жолдошева.
Жарыш сөз ушуну менен токтоп калган жок. Сөз сурап аксакалдар кеңешине 300дөй кат түшкөнүн төрага Кадыр Кошалиев айтты.
Элдик курултайда айтылган сөздөрдү Министрлер кабинети толугу менен угуп, сунуштарды кабыл алат.
Курултай Башмыйзамда бекитилип, аны өткөрүү тартиби жөнүндө мыйзам долбоору азырынча карала элек. Элдик жыйын жылына бир жолу өткөрүлүп, анда бийликтин жыл ичинде жасаган иштери айтылып, аймактардагы көйгөйлөр көтөрүлөт.
Элдик курултай мыйзам чыгаруу укугуна да ээ болуп, кезексиз жыйындарды президент же аксакалдар кеңеши чакырта алат. Бир жолу шайланган делегаттардын мөөнөтү бир жылга узайт.