Биз менен байланышыңыз

Темировдун иши: коомчулуктун сыны, Ташиевдин жообу

Коом , Саясат | 24 Ноя 2022 | 311 | 0

Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан Москвага жеткирилди. Аны жакындары жана адвокаты тосуп алган. Журналист ишмердүүлүгүн улантарын айтты. Жактоочулары шаардык соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанарын билдиришти.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду 23-ноябрда Бишкек шаардык соту чечимди угузуп-угузбай жатып укук коргоо органдарынын кызматкерлери сот залынан сүйрөп алып чыгып кеткен. Аны жактоочулары жана жакындары бир канча саат кайда алып кетишкенин биле албай, кечинде гана ал аэропортко жеткирилгенин ошол жердеги журналисттер маалымдаган.

Кийинчерээк анын Москвага жеткирилгени, аэропорттон жакын туугандары жана жактоочусу тосуп алганы белгилүү болду.

Болот Темиров “жасалма документ колдонуу” боюнча айыпталууда. Бирок жактоочулары анын алган документтери мыйзамдуу экенин, ага карабай сот туура эмес чечим чыгарганын айтууда.

Темиров 1979-жылы Ош облусунун Өзгөн райнунда туулган. Өзүнүн айтымында, 4 жашында Орусияга ата-энесинин жанына барып, мектепти ошол жактан бүткөн. Дүйнөлүк рейтингде эң мыкты 100 университеттин катарына кирген Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган.

Журналисттин адвокаты Бакытбек Автандилдин айтымында, Темиров 2008-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз ССРинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү аркылуу мыйзамдуу түрдө кыргыз паспортун алган. Бирок ага карабай, сот анын паспортун жараксыз деп тапты. Адвокат жакын арада Жогорку Сотко кайрылууга камынып жатканын айтты.

“Кыргызстанга келип, 2008-жылы Кыргызстандын биринчи жолу ID паспортун алат.  Кыргыз ССРинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, тиешелүү справкаларын берген. Ал жерде Орусиянын паспортун эч ким сурабайт. Тергөө паспортун жараксыз деп таап жатпайбы, ал жерде паспортту эле жараксыз деп жатат да, анын жарандуулугун жараксыз деп жери жок. Ошондуктан бул жерде мыйзам одоно бузулду. Эми шаардык соттун чечимин Жогорку сотко беребиз жакын арада”, — деди Автандил.

Адвокат журналистти өлкөдөн чыгарууда да мыйзам бузуу болгонун, аны күч менен зордоп алып чыгып кетишкенин айыптап, тиешелүү органдарга даттанарын кошумчалады.

Ал эми Болот Темиров “Азаттыктын” журналистине Москвадан маек куруп, учурда абалы жакшы экенин, азыр жакындарынын үйүндө турганын айтып берди.

Темиров өзүн Москвага чейин Ички иштер министрлигинин эки кызматкери коштоп барганын, аэропорттогу чек ара кызматынан эч кандай документи жок өткөрүлгөнүн айтат:

“Алар Орусиянын элчилигинде “мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк” кылдырганга аракет кылышты. Ал жерде же жетишпей калды же кыла алышпады. Анан мени документи жок “Манас” аэропортунан чек ара постунан өткөрүштү. Мени менен самолетко ИИМдин эки кызматкерин коштоп жөнөтүштү. Келгенде Орусиянын чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүштү, алар жок дегенде соттун чечимин бергиле десе, анысы да жок болуп калды. Кийин сканер аркылуу жөнөтүштү окшойт”

Темиров жанында эч кандай документи жок болгонуна байланыштуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери суракка алып, маалымат базасынан документтерин караган соң кое бергендигин билдирди.

Иликтөөчү журналистке карата мындай чечим коомчулуктун сынына кабылды.  Алардын басымдуу бөлүгү бийликтин мындай кадамын “өч алуу” деп баалашты.

Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди “өч алууну” токтотууга чакырды.

Бирок Камчыбек Ташиев Темировдун ишине тиешеси жоктугун, ал тургай өлкөдөн чыгарылганынан кабары жок экенин айтты.

“Майдаланып мен эч нерсе кылган жерим жок. Кечээги жараныбыздын, жараныңыздын, сиз жараныбыз деп аткан адамдын чыгарылышына да, каяктагы жок нерселерге менин атымды жабыштырып айта бербеңиз. Сот чечим чыгарды, ИИМ иликтөө жүргүздү, прокуратура аны бышыктады, менин кандай тиешем бар бул жерде? Бул мен эмес. Биздин мекеме эмес. Сот чечим кабыл алды жана өлкөдөн чыгарып жиберди. Мен эмне кылышым керек? Мен керек болсо бул жөнүндө билген жокмун. Аны чыгарып жибергени тууралуу кечинде жумуштан үйгө барган соң гана билдим”, — деди парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Камчыбек Ташиев буга чейин Болот Темировду бирөөнүн аскердик билетин уурдап, ага өзүнүн сүрөтүн коюп, ошол аркылуу кыргыз паспортун алгандыгын айтып, айыптаган. Ушул эле айыпты президент Садыр Жапаров да журналисттерге берген маегинде билдирген.

Бирок Темиров муну жалган-жалаа деп, сотко арыз жазганын, бирок сот аны кабыл албаганын 22-ноябрда, өлкөдөн чыгарылардан бир күн мурун билдирген.

Көз карандысыз юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул укуктук катастрофа катары баалап, Темировду мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып жибергенин айтты. Ал Конституцияга ылайык, жарандыктан ажыратуу узак процедура болгонуна карабай, бир суткада ажыратылып, өлкөдөн чыгарылышы менен Конституция бузулганын билдирди.

“Болот Темировго карата өзгөчө укуктук катастрофа болуп жатат. Сотто жарандыктан ажыратуу узак жана оор процедура. Болот боюнча бир күндө чечип коюшту. Экинчиден, Конституциянын 70-беренесине ылайык, президент жарандыктан чыгуу тууралуу акыркы чечимди кабыл алат. Соттун чечими болгон учурда дагы президенттин колу менен кетиши керек эле. Үчүнчүдөн бир да жаран жарандуулуктан ажыратылыш мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен чыгарыла албайт же башка мамлекетке өткөрүлүп берилбейт. Бул дагы Конституциялык гарантия”, — деди Эргешбаева.

Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги, Европа биримдиги, АКШ элчилиги тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан демократиянын негизи болгон сөз эркинидиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы иш кылып жатканын айтты.

Ага удаа Американын мамлекеттик депаратаментинин маалымат катчысы Нед Прайс да кайрылуу жасап, “Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү” экенин, “сөз эркиндигин муунтуу аброюна шек келтирип жатканын” жазган. Расмий бийлик буларга азырынча жооп бере элек.

Болот Темиров 2019-жылдан бери резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет. Ал 2019-жылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовго байланыштуу иликтөөлөрдү жасаган. Кийин аны белгисиз адамдар сабап кетип, сот айыптууларды боштондукка чыгарган.

Былтыр 18-апрелде Ютуб порталындагы Temirov LIVE каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыяланган. 20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыккан.

Быйыл январь айында «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» аталышындагы кезектеги иликтөөсүндө, Ташиевдердин компаниясынын иши тууралуу баяндайт.

22-январда Темировдун кеңсеси тинтүүгө алынып, өзүнүн чөнтөгүнөн баңгизат табылган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголуп, кийинчерээк 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш кошулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM