Биз менен байланышыңыз

Борбордогу гараждарды алуу маселеси нааразычылык жаратууда

Коом | 23 Ноя 2022 | 344 | 0

Бишкек шаарындагы гараждык кооперативдер менен мэрия жаңы келишим түзүүгө киришти. Алардын айрымдарын бузуу тууралуу гараж ээлерине билдирүү таратылган. Менчик ээлери буга нааразы болушууда. Гараждар турган жерлер кимге таандык?

Бишкек шаарындагы №12 гараж кооперативинин жетекчиси Светлана Новикова, 18-ноябрда 5 күн ичинде гараж турган жерди бошотуу тууралуу билдирүү келгенин айтат. Ал бул өтө аз убакыт экенин, ал жерде көбүнчө мамлекеттик кызматтарда иштегендер, дарыгер, педогог жана пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген тургундардын гараждары жайгашканын айтты.

“Биздин гараждык кооператив менен жаралып жаткан кырдаалда, мэрия биз менен эч кандай жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. Жөн гана келишип, 5 күн ичинде гараждар турган жерди бошотуп койгула деген билдирүү таратып кетишти. Биринчиден, бизди бул мөөнөт канааттандырбай жатат. Экинчиден, бийлик биз менен диалог курсун, биз түшүнүктүү элбиз, түшүнөбүз. Менин кооперативимдин 80 жаштан 94 жашка чейинки мүчөлөрү бар, эски машиналары турат бир канча жылдан бери. Аларга түшүндүрүп, айтып жатам. Бирок алар өздөрүнүн принцибине туруп, бергиси жок. Жок дегенде бир кыштаганга мүмкүнчүлүк бериши керек”.

Новикова бул жагдайга байланыштуу мэрия кызматкерлери түшүндүрмө бербегенине жана диалогго келбей жатканына нааразылыгын билдирип, тургундардын үнүн бийлик угуусун талап кылды.

Гараждар турган жерлерди бошотуу ушул жылдын жазында башталган. Март айында мэрия 11-кичи районундагы №20 гараж кооперативин эл нааразычылык билидирип, митинг кылганына карабай бузууга киришкен.

Бишкек мэриясы анын ордуна көп кабаттуу гараж курула турганын, андагы гараж ээлерине бирден орун берилерин билдирген.

Бирок кийин ал жер мэриянын балансынан президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлгөнү белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ал жерди мэрия шаардык кеңештин макулдугусуз башкармалыкка өткөрүп бергенин айтат.

Депутаттын маалыматында, президенттин иш башкармалыгы ал жерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга берүү боюнча келишимди Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине алып кирген. Компания инвестор таап, ал жерге турак үйлөрдү куруу планын айтып, тургундарга гараж куруп берүү боюнча сөз болгон эмес.

Бекешев учурда гараж кооперативдеринин мүчөлөрү даттанып жатканын айтып, бул жагдайда өздөрүндө да катачылык бар экенин билдирди.

“11-12-кичи районундагы, Малдыбаев көчөсүндөгү гараж кооперативдери мага кайрылып жатышат. Мэрия «жер биздики, мөөнөтү бүткөн, бошотуп берсин» деп жатат. Гараждар Совет убагында коюлган, аларга башкача мамиле кылса жакшы болот эле. Тилекке каршы, гараж ээлери 90-жылдардан баштап бир дагы документ каттаткан эмес экен. Аларда дагы күнөө бар. Ошол учурларда ижаранын убактысын узартып, же менчикке өткөрүп алса болот эле”, — деди Бекешев.

Бул суроо боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мулктү башкаруу департаментинин алдындагы “Бишкек унаа туруктары жана токтотмолору” муниципалдык ишканасынын башчысы Кабыл Кыдырмышев, жооп берип, азырынча тактоо иштери болуп жатканын билдирди.

Ал мэрдин протоколдук тапшырмасы менен гараждар турган жерлерди тактап, анадан соң гараж ээлери менен келишим түзүү пландалып жатканын айтат.

“Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан гараждык кооперативдерди инвентаризациялоо ишин жүргүзүп жатабыз. Анын алкагында, ошол гараждык кооперативдин аймагында канча объект, гараж жайгашкандыгын, кандай документтери бар, ошол боюнча иш жүргүзөбүз. Анан ошол гараждарга келишим түзүү боюнча иш пландалып жатат”, — дейт Кыдырмышев.

Кыдырмышев гараждар турган жерлер мэриянын балансында экенин, тургундар бир гана ал жердеги гаражга ээлик кыларын кошумчалады.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов айрым гараждарга жарандар мыйзамсыз ээлик кылып жүргөнүн айтат. Бирок гараждар алына турган болсо анын ордуна эмне курула турганы жөнүндө азырынча шаардык кеңеште маалымат жок. Аматов иретке келтирүү иштери шаардын башкы план боюнча жүрөрүнө ишендирди.

“Мыйзам боюнча, шаардын башкы планы боюнча ал жерлерге эмне курса болот, эмне болбойт, бизге белгисиз. Негизи, ошол жерлерде көпчүлүгүнүн документтери мыйзамсыз, бул боюнча менде так маалыматтар бар. Ошол гараждарды буздурганы мыйзам жол берет. Бирок анын ордуна эмнелерди курат, эмне пландалып жатат, ал боюнча маселе ачык бүгүнкү күндө. Ал боюнча шаардык кеңештин профилдик комитеттеринде маселе каралган эмес, сунуштар түшө элек”, — дейт шаардык депутат.

Деген менен №12 гараж кооперативинин юристи Эрик Ирискулбеков мэрия гараж ээлерине 5 күн аралыгында бошотуу тууралуу билдирүү тараткан жана юрист бул аракетти мыйзамсыз деп баалады.

“Гараждык кооператив 30 жылдан бери бар, учурунда мыйзамдын негизинде өткөрүлүп берилген. Ал жерде түзүлгөн келишимде жерди колдонуу мөөнөтү жазылган эмес, бул чексиз колдонуу укугун берет. Бул гараждарды алууну бир гана соттун чечими менен ишке ашырууга болот. Бирок бүгүнкү күндө бир дагы соттун чечимисиз гараждарды бузуу боюнча мыйзамсыз аракеттер болуп жатат”

Бишкектин чет жакасындагы гараждар Совет учурунда курулган. Ал шаардыктарга узак мөөнөтүү колдонууга берилип, жеке менчик катары өткөрүлгөн. Бирок мыйзам боюнча тургундар гаражга гана ээлик кылып, ал турган жер шаардын балансына караштуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM