Биз менен байланышыңыз

Кулак-мурун оорулары жаш балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу

Блог , Мединфо | 21 Ноя 2022 | 520 | 0

Мезгил алмашканда ар кандай оорулар козголот. Айрыкча туруксуз аба ырайынан улам жарандар кулак-мурун дартына кабылышатУчурда  кулак мурун ооруларына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул туурасында   Улуттук госпиталдын кулак, мурун оорулары боюнча дарыгери Орозалиев Ишен «Мединфо» программасында айтып берди.

Кулак-мурун оорулары эмнеден улам пайда болот?

Кулак, мурун оорулары көбүнчө курч вирустук оорулардын кесепетинен, же аба өтө ысып же тескерисинче өтө муздап кеткен учурда күч алат. Учурда  күз мезгили болгондуктан аба салкындап, кулак-мурун оорулары анын ичинен гайморит оорусу менен ооруган адамдардын саны өсө баштады. Мезгил алмашканда иммунитет да алсырай түшөт. Мындай учурда оорунун организмде пайда болуу пайызы жогорулайт.

 Кантип алдын алуу керек?

Ооруну алдын алуу үчүн элдик дарылоо ыкмаларын колдонуудан алыс болуу керек. Анын зыяны тийип калышы мүмкүн. Бейтап дарылоонун өз протоколуна жараша дарыгердин көзөмөлүндө дарыланышы керек. Көпчүлүк дарыгерге оорусу өтүшүп кеткен учурда кайрылат. Негизи оорунун баштапкы белгилери пайда болгон учурда дарыгерге келсе, дарылоо жеңилирээк болот.

Көчөдөн келгенден кийин сөзсүз колду жууп, мурундуу чайкап гигиенаны сактоо керек. Инфекциялык, же вирустук сасык тумоо күчөп турган учурда мурунду туз менен чайкап туруу дагы алын алууга жардам берет.

Дарылоо этаптары кандай жүргүзүлөт?

Бул оорунун деңгээлине жараша болот. Албетте, баштапкы этаптарда дарылоо жеңил. Эгер кулак-мурун оорулары вирустук абал менен башталса башында жөнөкөй дарылар берилет. Катаалдашып кеткен убакта антибиотик кошулат. Эгер андан да татаалдашып кетсе күчтүү деген дары-дармектер менен дарылоого туура келет. Эскерте кетүүчү нерсе, кулак-мурун оорулары аба аркылуу да жугуп, өзгөчө жаш балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ошол үчүн бет кап кийүү шарт.

Бет капты ар эки саат сайын аны алмаштырып туруу керек.

Маектешкен: Жаркын Жаныбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM