Биз менен байланышыңыз

Баткен: Үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатат

Коом | 19 Ноя 2022 | 295 | 0

Баткен облусунун чек ара тилкелеринде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери жай жүрүүдө. Депутаттар бул маселени парламент жыйынында көтөрүп, акча бөлүнбөй жатканын сынга алды. Бирок өкмөт акча бөлүнүп берилгенин айтып, үйлөр жаңы жылга чейин толугу менен курулуп бүтөрүн айтат.

Сентябрь айындагы тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун чек арага жакын айылдарын кайра калыбына келтирүү иштери солгун. Президент Садыр Жапаров сентябрда эки-үч айда талкаланган үйлөрдү кайра тургузуу тапшырмасын берген. Бирок Мамлекеттик курулуш агенттиги эки ай аралыгында болгону эки үйдүн гана чатыры жабылып, калган үйлөрдүн пайдубалы тургузулганын 15-ноябрда билдирген.

Муну Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте көтөрүп, өкмөттүн ишти көзөмөлдөбөй жатканын сынга алды. Ал шайлоочулар менен жолугушуу жумалыгында Баткен облусуна барып, курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышып келегенин айтат.

“Шайлоочулар менен жолугушуу жумалыгында Лейлек районуна барып келдим. Чын эле көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалы куюлган бойдон токтоп турат. Өздөрү үйүнүн алдына чатыр тиккен же боз үйдө жашап жатышат. Эң көп үй талкаланган Арка-1 айылына болгону 3 контейнер барыптыр. Калганын куруп жатышат, дубалы тургузулган үйлөр да бар экен. Бирок пайдубалы курулган бойдон турат. Аны дагы компаниялар өз чөнтөктөрүнөн куюптур, өкмөттөн акча жок дейт. Кана жанагы биз бөлүп берип жаткан акчалар?! Кыш, суук. Бир тыйын акча ала электер бар экен. Өкмөт ошону карашы керек да”, — деди эл өкүлү.

Ак-Сай айылынын тургуну Гүлмира Рахманова 4 баланын энеси. Ал азыр башка жакта тууганын үйүндө балдары менен турганын, айылда курулуш иштери жай жүрүп жатканын айтат.

“Садыр Жапаровго рахмат, ушунча элдин талабын угуп атат. Бирок тапшырма бергени менен бул жактагылар «каша» кылып жатышат, куруучулар, аткаруучулар, эл. Биздин, дагы эки-үч адамдын үйү мурдагы эле жерге, чек арага салынып калды. А тааныш-билиши бар зорлор жылдыртып алды ичкери, коопсуз жерлерге. Биздин үйлөр жакын да, биринчи эле бизге сокку болот. Ошону жылдырып бергиле десем көнбөй коюшту. Биздики экинчи жолу күйүп жатат, өкмөт өзү билип деле бир аз коопсузураак, чек арадан бир аз ичкери тартып салып беришсе болмок”, — дейт айыл тургуну.

Рахманованын үйү былтыркы кол салуудан талкаланып, быйыл сентябрь айында экинчи жолу толугу менен кыйрап калган. Үйү айылдын четинде, Тажикстан менен чек ара тилкесине жакын жайгашкандардын бири.

Ал үй бүткөн менен кайра барып жашагандан кооптонуп турат. Анын балдары дагы коркуп калганын айтып, көзүнө жаш алды:

“Былтыр жаздагы окуяда нан жаап жаткан учурум эле, коңшу тажиктердин үйүнөн он беш чакты өспүрүм курактагы балдар ызылдап чыгышты. Нанды таштап, төрт айлык бөбөгүмдү көтөрүп алып качтым. Же куралыбыз жок. Ал болгон күндө деле аларга күчүң жетпейт, көп келишет өтө. Ошондон бери коркуп калгам. Кач дегенде сурабай качам азыр”

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Султанбай Айжигитов буга чейин да курулушту моюнуна алган аткаруучу компания менен субаткаруучу компаниялар ишти жайлатып атканын сындап келген. Ал учурда да кайсы бир тараптын акча жасап жатканын айтып, эки айда бүтүрүүгө тапшырма берилген курулуш жакын арада аяктабай турганын айтты.

“Биз маалымат алып, эмне болуп жатканынан кабар алып, өкмөттөн талап кылып жатабыз. Бирок иш жакшы жүрбөй атат. Кечээ жакында Шакиев баш болуп өзү барып келбедиби бир топ депутаттар менен. Ошол жерде бүт баарын өзү көрүп, айтып жатпайбы, кышка чейин бүтпөйт деп. Сессияда деле айттым, ал жакта берилген акчаны бизнеске айландырып жатышат, Эми албетте, биздин мамлекеттик курулуш компаниялар жок, ошондой жеке компаниялар менен иш жүргүзөт да. Бирок аны тынч маалда шашпай эсептешип, иштесе берсе болот, мындай кырдаалда башкача иштеш керек” , — дейт Айжигитов.

Бирок Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үйлөрдү тез арада бүтүрөрүн айтууда. Мекеменин маалыматына ылайык, 18-ноябрга карата кайра курулууга киргизилген 423 үйдүн 413үндө курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Анда 145 үйдүн пайдубалы бүтүп, 173 үйдүн дубалы тургузулуп аткан болсо, 5 үйдүн чатыры жабылууда.

Агенттиктин Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин башкы адиси Нуржан Исаева аткаруучу компанияга 16-ноябрда мамлекет тараптан акча толугу менен которулганын билдирди.

“Курулуш боюнча аткаруучу уюм иштеп жатат. Ага республикалык бюджеттин эсебинен миллиард сом которулуп берилди. Акыркы 500 млн. сому 16-ноябрда которулду. Курулуп жаткан үйлөрдүн аянты 92-93 чарчы метр, бир кабаттуу. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн баарын бүтүрүү үчүн мамкурулуш тарабынан болгон аракеттер көрүлүп, курулушчулар күнү-түнү иштеп жатышат.”

2021-жылдын апрель-май айында жана 2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кол салуудан кыргыз тараптан 108 адам набыт болуп, жүздөгөн жаран жарадар болгон.

Чек ара тилкесине болгон акыркы колсалууда Кыргызстандын 48 аскер кызматкери жана 15 жараны каза болгон. Анда чек арага жакын айылдарда жалпы 661 үй жабыркап, 423ү кайрадан курууга, 238и оңдоп-түзөөгө муктаж болгон.

17-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып жыл аягына чейин тоскоолдук болбосо, Тажикстан менен чек арага чекит коюларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM