Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллар таңкыстыгы күчөдү

Экономика | 17 Ноя 2022 | 1147 | 0

Кыргызстанда доллардын таңкыстыгы күч алды. Бул жагдай ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып, сырттан келген товардын кымбатташына алып келип жатканын айтышууда. Бирок Улуттук банк валюта рыногунда абал туруктуу экенин билдирди. Бул кырдаал эмне себептен пайда болду?

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларды кыдырып, доллар табуу дээрлик мүмкүн эмес. Долларды алып-сатуу табелде көрсөтүлгөндөн кымбатыраак баада табууга болот. Мисалы, 17-ноябрга карата бир доллардын баасы 85,5 сом деп турса, бейрасмий 87 сомдон сатып алууга мүмкүн.

Бишкектеги компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштеген Гүлмира Байбосунова банктардан же акча алмаштыруучу жайлардан доллар таба албай, иши токтоп турганын айтат.

“Биз чийки зат үчүн доллар менен төлөм аткарышыбыз керек болчу. Бирок акыркы күндөрү доллар жок болуп жатат. Көп банктарда, акча алмаштырган жайларда жок болуп жатат, болсо дагы кымбат, 87 сомдон деп жатышат. Биз эми көп дүрбөлөңгө түшпөй 3-4 күн күтө туралы деп чечтик, жакшы жагына чечилип калар деген үмүт менен”, — дейт Байбосунова.

Мындай жагдай ишкерлерге тоскоолдук жаратпай койбойт. Көп жылдан бери чет өлкөдөн электрондук товарларды алып келген ишкер Мирдин Мукашов доллардын тартыштыгынан товардын баасы айласыз кымбат коюлуп жатканын айтты.

Ишкер көпчүлүк жарандар доллар менен иш жүргүзгөндүктөн бул абал батирлерде тургандарга чейин таасир этерин айтат.

“Азыр базарда соода кылгандын баарында эле ушул маселе болуп жатат. Анткени, Кыргызстан көп нерсени сырттан импорттоп, товарды сырттан сатып алат. Аны дагы доллар менен алат. Бул жакта товарга бааны койгондо деле долларга карап коюлат, айла жок. Акча алмаштыруучу жайларда кымбатыраак боулп жатат, эгер чыкса ал дагы. Көпчүлүк жерде жок, чыкпай жатат. Бул ар бир жөнөкөй жаранга таасир этип жатат, анткени көпчүлүк доллар менен иштеп калган. Жада калса ижарага берилген батирлерди дагы доллар менен төлөшөт да”, — дейт ишкер.

Мукашов сыяктуу ишкерлер учурдагы доллардын таңкыстыгынан иши токтоп турат.

Улуттук банк буга байланыштуу комментарий берип, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. Мекеменин айтымында, мыйзам бузган коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруучу жайларга айып салынат.

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева буга чейин мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга жана банктарга айып пул салынганын айтты.

“Бүгүнкү күнү валюта рыногундагы абал туруктуу. Улуттук банк күн сайын рынокто болуп жаткан өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүп жатат жана функцияларынын алкагында иш-чараларды көрүп жатат. Эгер мыйзам бузулган учурлар болсо, бизден чара көрүлөт. Жыл башынан бери 131 текшерүү коммерциялык банктарды, 120 акча алмаштыруу жайларында өткөрүлүп, мыйзам бузулган учурларга чара колдонулуп, 2 млн сомго жакын айып пул салынган”, — деп билдирди мекеменин өкүлү.

Карабаева билдиргендей, Улуттук банк 16-ноябрда валюта рыногуна 55.2 млн АКШ долларын интервенциялаган.

Валюталык интервенция – улуттук валютаны кубаттоо же төмөндөтүү үчүн атайын Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн функционалдык иш. Анда доллар сатылып же сатып алынат.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев доллардын тартыштыгын сырттан кышкы товарларларды сатып алуу мезгили болуп жаткандыгы менен байланыштырды.

Ал ушундай сезондук мезгилдерде валюталык туруктуулукту сактоо үчүн Улуттук банк интервенция жүргүзөрүн түшүндүрдү:

“Соодагерлер сыртка кышкы кийим-кече, товар алып келиш үчүн чоң суммалар менен чыгышат. Чоң-чоң соодагерлер өздөрүндөгү болгон сомду долларга алмашытырып, рынокто сезондук дефицит пайда болуп жатат. Ошол таңкыстыкты жоюу үчүн Улуттук банктын ордун толуктап, интервенция кыла турган функциясы бар”

Улуттук банк жыл башынан бери 6 ирет валюталык базарга чыгып, 272 млн доллар саткан. Ошол эле учурда 190 млн 740 миң доллар сатып алган.

Доллардын таңкыстыгы Орусия Украинага кол салган февраль айынан кийин күчөй баштаган. Орусияда доллардын тартыштыгынан пайдаланган ортомчулар да болуп, 2022-жылдын май айында Кыргызстандан 80 млн доллардан ашык каражат которулганын Улуттук банк кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM