Биз менен байланышыңыз

Сөз эркиндиги боюнча бийлик өкүлдөрү менен диалог жыйыны өттү

Коом | 15 Ноя 2022 | 437 | 0

Бишкек шаарында сөз эркиндиги, эркин пикир билдирүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча конференция өтүп, Президенттик администрациянын өкүлдөрү, парламент депутаттары, юристтер жана журналисттер катышты. Жыйында ММКлар жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору ортого коюлуп, ага өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

“Сөз эркиндиги, эркин пикир билдирүү: мыйзам чыгаруу демилгелери” аталышындагы тегерек столдо юристтер, журналисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Президенттик администрациянын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттар Адахан Мадумаров, Жанар Акаев, Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев катышты.

Жыйындын башкы максаты Кыргызстандагы сөз эркиндиги жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун талкуулап, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тегерек столдун маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстанда сөз эркиндигинин орду жогору экенин белгиледи. Ал бул маселеде парламент эч качан сыртта калбастыгын айтат.

“Бул иш-чара өтө маанилүү. Сөз эркиндиги, аны менен катар жоопкерчилиги – бүгүнкү күнү негизги, орчундуу маселе. Парламент бул маселе боюнча эч качан сыртта калбайбыз. Анткени, ушул маселе, мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү биздин парламентте каралып, кабыл алынат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бүгүнкү күнү Борбор Азияда, КМШ чөлкөмүндөгү аймакта (жалгыз, — ред.) Кыргызстанда сөз экриндигинин орду жогору”, — деди Шакиев.

Депутат Жанар Акаев Мадумаров баштаган парламентарийлер “анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу мыйзам долбоорун жакында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине алып кирерин айтты.

Ал Президенттик администрацияны сөз эркиндигине тиешелүү болуп жаткан мыйзам долбоорунда ачык диалог курууга чакырды.

“Конституцияда так жазылып турат: ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес. Бирок, мен азыр сайтты карасам, Азиза Абдирасулованы ИИМ суракка чакырыптыр. Эмне үчүн десе, “сиз Фейсбукка акыркы убакта көп жазып жатасыз” дейт. Конституция түздөн-түз бузулуп жатат.
Анык эмес маалыматтан коргоо боюнча мыйзам долбоорубуз боюнча коомдук талкуу бүттү. Бул кырдаалдан чыгуунун жолу: биз баарыбыз диалогго келишибиз керек”,
— деп кайрылды Акаев.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров массалык маалымат каражаттарынын ишине тоскоол болбой, ал жакта айтылган сындарды кабыл алуу керектигин айтат. Депутат маалымат каражаттарынын милдетин түшүндүрүп, буларга токтолду:

“ММКдан канчалык көп таякты жесек дагы, ММКсыз жашай албайбыз. Биз ага көнүшүбүз керек. Массалык маалымат каражаттарынын бирден бир аткара турган вазыйпасы – элге маалыматты жеткирүү, ал маалыматты түшүндүрүп берүү. А жалган маалымат таратуу боюнча азыр Дастан мырза (Бекешев, — ред.) айтып кетти, бийлик алек болуп калды азыр. КТРди карайсыңбы, ЭлТРди карайсыңбы, эмнесин карасаң кызылдай калпты кечке жайылтып жаткан ошолор. Алар менен күрөшүш керек”, — деп сындады Мадумаров.

Парламентерий «анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын анык фейктерге каршы колдонуу керектигин кошумчалады. Мадумаров Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду фейк фабрика уюштурууга айыптап, аны токтотууга чакырды.

“Жалган маалыматтан коргоо дегенди, Дайыр иним жакшы билет. Баягы биздин кесиптештерибиз айткан ботторду токтоткула. Акча берип, ошолорду кармаган фабрикаңарды жапкыла. Андан көрө көйнөк тиккен фабрика ачкыла”

Бирок Мадумаровдун бул сынына Дайырбек Орунбеков жооп берип, муну темага тиешеси жок, популисттик пикир деп билдирди.

“Бүгүнкү жыйында мыйзам долбоору талкууланыш керек болчу. Бирок аянтчадан пайдаланып, Мадумаров баштаган депутаттар башка темада, өздөрүнүн таарынычын, жыйын аяктаганча өздөрүнүн популисттик пикирлерин айтышты. Алар керектүү учурда, массалык маалымат каражаттарына чыккандан кийин кетип калышты. Биз аягына чейин отуруп, жыйынтыгын күттүк. Бул жолугушуу максаттуу болушу үчүн кайсы тема козголсо, ошонун тегерегинде сөз болушу керек. Бул жерде кайсы бир саясий топтор келип, өздөрүнүн таарынычын же болбосо элге жеткире турган популисттик билдирүүлөрүнө жол берилбеши керек”, — дейт бөлүм башчы.

Орунбеков бүгүнкү жыйында айтылган сын-пикирлер, сунуштар эске алынарын айтып, Президенттик администрация коомчулукка дайыма ачык экенин, сын-пикир, сунуштар болсо кабыл аларын кошумчалады.

Уюштуруучулардын бири, Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков найтыжалуу тегерек стол болгонун, анда айтылган сын-пикирлердин жыйынтыгында Президенттик администрация демилгелеген мыйзам долбоору кайрадан иштеп чыга турганын билдирди.

Ал үчүн журналисттерден атайын топ түзүлүп, демилгечилерге сунуш-пикирлерин айтып турушат.

«“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорунун демилгечилери келип, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Ошондой эле катышуучулардын сын-пикирлерин, суроолорун укту. Жыйынтыгыныда жумушчу топ түзүлүп, анда тажрыйбалуу журналисттердин ой-пикирлери, сунуштары эске алынып, мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу чечимине келдик», — деди Дүйшөнбеков.

Төрага мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыккандан кийин эл аралык Венециялык комиссиянын баалоосуна жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы талкуу жаратып келет. Ага 6-чакырылыштын депутаты Гүлшат Асылбаева өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыгып, коомчулуктун сынына кабылган. Аны 2020-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алып, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарган.

Ал мыйзамга ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине соттун чечимисиз жалган маалымат тараткан сайтка бөгөт коюу укугун берет.

Көптөгөн талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору 2021-жылы парламентте колдоо таап, ага президент Жапаров кол койгон.

Аталган мыйзамга таянып, жогоруда аталган министрлик “Азаттык” медиасынын сайтын эки айга бөгөттөп койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM