Биз менен байланышыңыз

«Жеңиш» аянтында мушташкан чет элдиктер кармалды

Коом , Кыска кабар | 13 Ноя 2022 | 426 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштык кылган чет элдик жарандарды кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Свердлов РИИБине пакистандык жарандан арыз келип түшкөн. Жабыр тарткан жаран 10-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жеңиш» аянтында өзүнүн эки мекендеши жана алар менен бирге белгисиз адамдар себепсиз денесине зыян келтирип, коомдук тартипти одоно бузганын айтып даттанган.

Бул факт милициянын бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Свердлов райондук ИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Малыматта алардын айрымдары коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жетекчилигинин буйругу менен окуп жаткан окуу жайынан айдалганы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM